Menu

Президенттик самолет коюу тумандан улам “Манаска” коно албай көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду

Бөлүшүү:

Кечээ, 15-январдын кечинде Кытайдан отпускадан кайткан Алмаз Атамбаевди үй бүлөсү менен алып келгени барган президенттик “ТУ-154” самолету кайра келгенде “Манас” аэропортун коюу туман басып, коно албай Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортуна барып конду.

Эсиңиздерге сала кетсек, Алмаз Атамбаев 5-январда Кытайга визит менен барып, визит аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен эс алууга калып калган.

Экс-президенттик пресс-катчы Кабай Карабековдун билдирүүсүндө Атамбаев Пекинде бир да маанилүү документке кол койбогон. Болгону ал-акыбал сурашканы барып, анан калып калган.

Ал эми президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков 6-январда президенттик “ТУ-154” самолету  Бишкекке кайтып учуп келгенин билдирген.

Ошондо кечээ, 15-январда президенттик “ТУ-154” самолету отпускадагы Атамбаевди үй-бүлөсү менен алып келгени атайын Кытайга учуп барган. Мындай самолетту такси катары пайдалануу дүйнөдө авторитардуу мамлекеттерде гана болушу мүмкүн. Атүгүл бай Европа мамлекеттеринин жетекчилери да отпуске мезгилинде өз эсебинен кадимки эле каттамдагы самолеттордун бизнес-классына билет сатып алып учуп жүрүшөт . Биздин Роза Отунбаева да  жумушчу сапарларына каттамдагы самолеттор менен учуп жүрчү. Анткени “ТУ-154” самолету дүйнөдөгү эң көп чыгымды талап кылган учактардын катарына кирет. Авиакеросинди эң көп ичендиктен адистер “крокодил” деп аташат. Салмагы оордугуна байланыштуу аэропорттор учуп-конуу жана туруу, аэронавигация акысын көп алышат.  Ошондуктан 2009-жылы президент Курманбек Бакиев “Фалькон” үлгүсүндөгү чакан, үнөмдүү учак сатып алып, пайдаланып жүрчү. Кийин ал самолет жаңы бийлик тарабынан жеке менчикке сатылып кетти.

Ушул январь айында эле такси катары Кытайга эки жолу чабылган “ТУ-154” самолету ансыз да дефициттен жыртыгы чоңоюп жаткан кыргыз мамлекетинин бюжетин канча миллиондогон сомго эңшерткенин эсептеп чыгып, элге угузганга КР Эсеп палатасынын эрдиги жетеби?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: