Бүгүн, 16-январда таңкы саат 07.19.да “Манас” аэропортуна конгону бараткан самолет аэропортко жетпей аэропорттун эле жанындагы дачалардын катарына кулап түшүп, жарылып кеткен. Бул тууралу бизге окуянын күбөлөрү кабарлашты.
Самолет азыр Бишкек – Манас автожолунун эле жээгинде аэропортко жете бериште күйүп жатат. Дачадагы эки үй өрттөнүп кеткен. Азыр “Манас” аэропортунун айланасын коюу туман басып турат.
Айрым маалыматтар боюнча кулаган самолет Гонконгдон учуп келаткан Түркиянын жүк ташуучу самолету.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ