Menu

Кыргызстанда 17-январь – аза күтүү күнү деп жарыяланды

Бөлүшүү:

Чүйдө ондогон адамдын өмүрүн кыйган авиакырсыкка байланыштуу 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

16-январь күнү Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747” учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 40 чамалуу адам көз жумду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Учак Түркияга таандык.

“Көп сандаган адам курмандыктарына алып келген авиакырсык Кыргызстандын бүтүндөй эли үчүн орду толгус оор жоготуу болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Каза болгондорго аза күтүү менен жана алардын туугандары менен жакындарынын кайгысын тең бөлүшөт”,- деп айтылат президенттин аппаратынын билдирүүсүндө

Жабыркаган 11 киши ооруканада. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, тийиштүү жардамдар берилери маалымдалды.

Окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Кырсыкты министрлерден турган өкмөттүк комиссия да иликтеп жатат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: