Menu

Трамп Орусия өзөктүк куралын азайтса санкцияларды алышы мүмкүндүгүн билдирди

Бөлүшүү:

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Орусияга каршы киргизилген санкцияларды кайрадан карап чыгуу ыктымалдыгын билдирип, аны орус тараптын өзөктүк куралдарын кыскартуусу менен байланыштырды. Бул тууралуу ал The Times британ гезити менен Bild немис басылмасына берген маегинде билдирди.

Буга чейин Трамп Орусияга каршы киргизилген санцияларды тез арада алуу варианты каралбай турганын, бирок анын ыктымалдуулугун Москва менен талкуулоого даяр экенин билдирген. Трамп Орусиянын Сириядагы согушка куралдуу кийлигишүүсүн сынга алды.

Өз маегинде АКШнын шайланган президенти Германия канцлери Ангела Меркелдин качкындар үчүн чек араларды ачуу чечимин «абдан чоң ката» деп атады. Ошол эле маалда ал Меркелди өтө сыйлай турганын жана аны «мыкты лидер» деп эсептерин белгиледи.

Трамптын пикиринде, миграциялык каатчылык британиялыктарды ЕБ курамынан чыгуу үчүн добуш берүүгө түрттү. Ал Улуу Британиянын жолун Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да жолдошу мүмкүн деп божомолдоду. Айтымында, ал АКШ президенти кызматындагы ишмердүүлүгүн Путинге жана Меркелге ишенүү менен баштайт. Бирок анын узакка созулушу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Украина жаңжалындагы Москванын ролу жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу орусиялык жарандарга жана компанияларга каршы санкциялар 2014-жылы киргизилген. 14-январда АКШ президенти Барак Обама аларды дагы бир жылга узарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: