КР Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Россия Федерациясынын Саратов облусунда болуп өткөн автокырсыктын келип чыккан жагдай менен таанышуу жана иликтөө үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти. Бул тууралу кызматтын басма сөз катчысы билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, каза тапкан эки жарандын (Молдошев Айдарбек, Касымова Жазгүл) туугандары алардын өздүгүн таанып билүү үчүн Саратовго учуп кетишти.
Алардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү (Жүк-200) боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ