Menu

Омбудсмен Оторбаевдин башы ордундабы?

Бөлүшүү:

Учрдагы КР Омбудсмени Кубат Оторбаев да мурдагы омбудсмендердин жолоюна түшүп алгансыды. Тагыраак айтсак, ал бүгүнкү күндө криминалдык топтун мүчөсү болгон, үйүнөн курал-жарактын октору, бро­нежилет, бет кап (маска), наручник жана башкалар табылган жана автоунаа уурдоого шектелген К. Аскаровду коргоого ала баштады.

Түшүнүктүү болушу үчүн окуяны кыскача айта кетели. Өткөн 2016-жылдын акыркы айларында Бишкек шаарынын жараны анын 8-кичи районундагы №36 үйдүн батыш тарабында жайгашкан машине токтотуучу жайдан «БМВ Е-34» үлгүсүндөгу 1993-жылкы автоунаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени боюнча арыз менен Октябрь райондук ИИБге кайрылган. Анын баасы 3500 АКШ доллары тураарын да көрсөт­көн. 2016-жылдын 8-августунда бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБнын тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон.

2017-жылдын 4-январында Башкы прокуратура тергөөнү токтотуп, кылмыш ишин кайрадан иликтөөну улантууга КР ИИМинин ГСУсуна жөнөткөн. Ал эми 10-январда кылмыш ишинин алкагында шектелүүчү К. Аскаровдун үйүндө санкцияланган тинтүүжүргүзүлгөн. Натыйжада анын үйүнөн 12 даана патрон, бронежилет, бет кап (маска), кол кап, наручниктер, мобилдик байланыш үчүн наушниктер, баалуу металлдардан жасалган ювелирдик буюмдар, түрдүү автомашинелердин ачкычтары табылган.

10-январда 12 даана патрондун табылганы боюнча дагы кылмыш иши козголгон. Андан сырткары К.Аскаровдун «Токмок тобу» криминалдык тобунун лидери экени аныкталган. 11-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен К. Ас­каров Бишкек шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

13-январда К.Аскаровду суракка алуу үчүн ИИМдин башкы тергөө башкармалыгына алып келе жатышканда, ИИМдин имаратынын экинчи кабатына кире беришинен К.Аскаров атайылап эле башы менен пластик терезеге урунуп, денесине жаракат келтирген. Ал бул аракети менен жоопкерчиликтен качуу аракетин жасаганы билинип турат.

Ошол күндүн эртеси эле, тактап айтсак 14-январда Бишкек шаарынын ИИБсынын убактылуу кармоочу жайына омбудсмен Кубат Оторбаев адвокат И.Омоев менен келип, К.Аскаров менен сүйлөшүп, андан соң жеке өзү ага тез жардамды чакырган. 10 минута ичинде тез жардам унаасы да келип калган. Тез жардамдын кызматкерлери аны карашкан соң, омбудсмен Оторбаевдин талабы менен К.Аскаров Бишкек шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайынын конвойлор тобунун кызматкерлеринин коштоосунда Улуттук госпиталга жеткирилген.

Мына ушундай аракети менен Кубат Оторбаев эмне кызыкчылыкты көздөп жатканы түшүнүксүз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда К.Аскаров «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин биринин жакын адамдарынан экен. Бул партия менен Кубат Оторбаевдин байланышы бекем экенин эске алганда, ал «шефинин» тапшырмасын аткарып жаткан жокпу деген суроо туулат.

Эске сала кетсек, буга чейин ал террордук аракеттер үчүн шектелген Максат Кунакуновду коргоп чыккан болчу. Эми минтип криминалдык чөйрөнүн адамын коргоп жатат. Омбудсмендик кызмат бул – карапайым элдин, жалпы коомчулуктун укугун коргошу керек эмеспи. Анда неге омбудсмендик кызматка келгендердин бардыгы эле терип-терип коррупционер, крими­нал, уурулардын укугун коргой берет?

Турсунбек Акун омбудсмен болуп турганда Азиз Батукаевди «2-3 күндө өлүп калышы мүмкүн» деп безилдеп жатып бошоттурганын билебиз. Андан кийин Бакыт Аманбаев деген келип, жалаң коррупционерлердин укугун коргоп эле басып жүрчү. Мисалы, А.Келдибеков, С.Жапаров сыяктуулардын. Муну кандай түшүнсө бо­лот? Же омбудсмендик кызмат акча жасоонун эле куралына айланып калганбы?

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: