Menu

ИИМ учак кырсыгына байланыштуу соцтүйүндөрдөгү аймактык козутуу белгилери бар терс пикирлерди көзөмөлдөөдө

Бөлүшүү:

ИИМ  “Манас” аэропортундагы учактын кыйрашына байланыштуу социалдык түйүндөргө терс пикир жазгандарды көзөмөлдөп жатат. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова кырсыкта курман болгондорду табалаган жарандын Фейсбуктагы билдирүүсүнө укуктук баа берүү боюнча тергөө иши башталганын билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери учак кырсыгына байланыштуу социалдык түйүндөрдөгү элди бөлүп-жарган билдирүүлөргө көңүл бурулуп жатат. Аманкулова терс пикир жазгандарга карата көрүлгөн чаралар боюнча кошумча маалымат берилерин айтты.

16-январдагы апааттан соң Медициналык академиянын кызматкери Таттыгүл Дооталиева Фейсбукта мерт кеткендер өлкөнүн түштүк аймагынан болорун айтып, “өздөрүнөн көрсүн” деген өңүттө пикир калтырган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбуктагы билдирүүсү териштирилерин маалымдаган. Анын жазган пикиринде аймактык жана улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилеринин бар-жогу атайын экспертизада такталат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: