Menu

Стамбул бийлиги: Түнкү клубга чабуул жасоого шектелген адам күнөөсүн моюнуна алды

Бөлүшүү:

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна чабуул жасаган деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Абдулкадыр Машарипов күнөөсүн моюнуна алды. Бул тууралуу Стамбулдун губернатору Васип Шахинге шилтеме кылып “Хюрриет Дейли” басылмасы билдирди.

Ал айыпталуучу Ооганстанда машыгуудан өтүп, «Ислам мамлекети» террордук тобунун атынан кылмыш жасаганын белгиледи.

Абдулкадыр Машариповдун кармалгандыгы тууралуу дүйшөмбү эртең менен белгилүү болгон. Түрк ММКларынын маалыматы боюнча ал Стамбулдун Эсеньюрт районунда кармалган. Ага чейин полиция Машарипов чабуулдан эки жума мурда келип токтогон батирден 150 миң доллар тапкан.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Абдулкадыр Машарипов Түркияга 2016-жылдын башында жубайы жана эки баласы менен барып, Конья шаарында батирде жашаган. 15-декабрда Стамбулга барып, террористтик чабуулдарга даярдык көрө баштаган. “Хюрриет Дейли” түрк премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмушка шилтеме кылып, чабуул чалгындоо уюмунун катышуусу менен профессионалдык деңгээлде уюштурулганын билдирди.

Жаңы жыл түнү шектүү жаран клубга такси менен барып, эс алуучуларга ок чыгарган. Теракт учурунда 39 киши курман болуп, 65и жаракат алган. Арасында сегиз өлкөнүн жарандары болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: