Menu

Табылды Акеров, серепчи: Жалал-Абад шаар кеңешиндеги абал революциялык маанайды жаратышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Саясий серепчи Табылды Акеров Жалал-Абад шаардык кеңештеги түзүлгөн абал боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди: Дүйнөлүк тажрыйба боюнча коалиция түзүлгөндөн кийин ага кирбей калган партиялар биригип оппозициялык блок түзүшөт, же ар кимиси өз-өзүнчө жаңы коалицияга атаандашып иштешет. Жалал-Абад шаарынын кеңешинде өтө кызык абал түзүлүп жатат. Коалицияга кирбей калган КСДП менен «Кыргызстан» чычалап жаткандай. Алар саботаж жасап, шаардык кеңештин ишин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишкендей. Бирок Кыргызстанда бул өнөкөткө айланып кетсе, жалпы эле мамлекеттик системага катуу сокку болот. Эң алды менен мындай көрүнүштөр шайлоочулардын, элдин кыжырына тиет. Саясий партияларга ишенимди азайтат, өлкөдөгү абалдын, туруктуулуктун сакталышына терс таасир тийгизет. Жалал-Абадда түзүлгөн кырдаалдын 2005-жылкы революциялык абал менен бир аз окшоштугу бар. Эгерде дагы ушундай окуялар 3-4 шаарда болуп жатса, анда бул сөз жок өлкөдө революциялык маанайды жаратмак. Кландар бириге баштамак. Ошондуктан, КСДП жана «Кыргызстан» фракцияларынын бул аракеттерин туура эмес десем болот. Себеби, бүгүн өлкөдө бийликтин баары ушул партиялардын колунда. Прокуратура, сот да буларды угат жана булардын кызыкчылыгында аракет кылат. Эң негизгиси, бул процесстер президенттин Аппаратынын көзөмөлүндө экенин айтпасак да белгилүү. Менимче, бүгүн КСДП жана «Кыргызстан» партиялары шаардык кенештин ишин үзгүлтүккө учуратуу менен жаңы түзүлгөн коалицияны таратууну көздөп жатышат. Алар коалиция тараса, кийинки коалицияга кирип калууга үмүттөнүүдө. Же тагыраак айтсак, бийлик коалицияны таратып, анан кайра сүйлөшүүлөрдө Бишкектеги партбосстор менен өз ара жашыруун сүйлөшүп, аларды ийге келтирип, жаңы коалицияны КСДП жана «Кыргызстандын» катышында түзүүнү көздөп жатышат десек туура болот. Ошол эле учурда, булар шаардык кеңешти кайра таратып, кийинки шайлоолордо утуп чыгууну да көздөп жатышы мүмкүн. Жалал-Абад областы шайлоочулардын саны боюнча эң көп регионго кирет. Ошондуктан, бийлик бул региондо таасиринин азайышына оңой эле көнө койбойт. Бул процесстер КСДП жана «Кыргызстан» бийликте турганы менен, бийлик дайыма жетишпестигин ачык көрсөтүп жатат. Ушул өңүттөн алганда, Жалал-Абадда шаардык кеңеши таркатылып, кайра шайлоолор өтмөйүнчө бул көрүнүштү жөнгө салуу өтө эле кыйын десем жаңылбайм.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: