Menu

Жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин абалы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2017-жылдын 18-январында Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилдин абалын талкуулоо максатында жыйын өткөрдү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Мамлекетик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Н. Ишекеев ачып, жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минстрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖдогу мамлекеттик тил проректорлору менен күн тартибиндеги мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программанын аткарылышы, “Кыргызтест” түзүмүнүн иши, КР Президентинин “2017-жыл Ыйман, адеп, жана маданият” жылы деп жарыялаганына байланыштуу иш-чараларды уюштуруу маселелери каралды жана талкууланды.

Азыркы ааламдашуу заманында бүткүл дүйнө жүзүндө билим берүү процессин өнүктүрүү жана модернизациялоо артыкчылыктуу багыттардын бири. Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ушул жылы ЖОЖдордогу мамлекеттик тилдин абалын жакшыртуу максатында бир топ олуттуу иш-чараларды ишке ашырууну болжойт. Адегенде, “Кыргыз Репсубликасынын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн беренелердин ишке ашырылышын, өзгөчө мамлекеттик тилди окутуудагы бирдиктүү программаларды эл аралык стандарттарга ылайык “Кыргызтест” системасынын негизинде иштелип чыккан окуу куралдарын, окуу-усулдук комплекстрди басып чыгаруу жана 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча кабыл алынган Улуттук программада белгиленген милдеттерди КР Билим берүү жана илим минстрлиги менен биргеликте ишке ашырылат. Өзгөчө көңүл тилдик эмес ЖОЖдордун, орто кесиптик окуу жайлардын факультеттеринде мамлекеттик тилде окутуунун толук циклин жүргүзгөн бөлүмдөрдү ачуу; атайын орто жана жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Кыргыз тили жана адабияты», «Кыргызстан тарыхы» жана «Кыргызстан географиясы» дисциплиналары боюнча тестирлөөнүн негизинде мамлекеттик комплекстүү аттестацияны акырындык менен киргизүү; табигый-техникалык, гуманитардык жана социалдык дисциплиналар боюнча мамлекеттик тилде илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, диссертацияларды жактоого колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү ж.б. биринчи кезектеги аткарылчу иш-чаралар катары каралат.

Ушуну менен бирге, маалымат технологияларынын өнүгүүсүнө ылайык мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында Интернет чөйрөсүндө мамлекеттик тилди жайылтуу, Кыргыз Википедиясына кыргыз тилиндеги маалыматтар менен толтуруу, байытуу иштерине катышуу ЖОЖдорго милдеттендирилди.

Ошону менен катар, жыйынга катышкан окуу жайлардын өкүлдөрү бир катар сунуш-пикирлерин билдирип, талкуу жүрдү.

Ошондой эле, “Ыйман, адеп, маданият жылына” карата жаштарды тарбиялоодо мамлекетик тилди өзөктүү булак, негизги каражат катары ЖОЖдордо ар кандай илимий-интеллектуалдык, интерактивдик иш-чараларды (кереге кеңеш, конференция, талкуу, викториналар, брифингдер) өткөрүү мерчемделет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: