Menu

Бишкекте 10 тоннадан ашык гумжардам чогулду

Бөлүшүү:

Бишкектин жашоочулары учак кырсыгынан жабыркагандарга 10 тоннадан ашык гуманитардык жардам чогултту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, ӨКМ тарабынан ачылган көмөктөшүү түйүндөрүнө 9,5 тонна кийим-кече, 1 тонна ун, 350 килограмм макарон, 135 литр өсүмдүк майы, 30 килограмм тамак-аш жыйналган.

Андан сырткары борбордун тургундарынан 98,2 миң сом түшүп, ал жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин жалпы эсебине которулду.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.

16-январь эртең менен «Боинг-747-400» жүк учагы «Манас» аэропортунан алыс эмес жердеги Дача СУ айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Ал Гонконг-Стамбул каттамын аткарып, Бишкекке май алмаштырып алуу үчүн токтомок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кырсыктан 37 киши каза болуп, 10дон ашыгы жаракаттарды алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: