Кытай Украинадагы каатчылык боюнча саясий резолюцияга жетишүүдө иштиктүү роль ойноого даяр. Бул тууралуу шейшембиде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин украиналык кесиптеши Петр Порошенкого кайрылып жатып билдирди.
Пекин алгачкы жолу Киевге жардам берүү тууралуу мындай сунушун Давостогу экономикалык саммитте билдирген.
Ошол эле маалда Орусия менен жарашууга ниеттенген Дональд Трамптын бийлиги тушунда АКШнын украин каатчылыгын чечүүдөгү ролу төмөндөшү мүмкүн.
Буга чейин Кытай Украина каатчылыгын чечүү боюнча дипломатиялык аракеттерге аралашууну каалай турганын ишара кылган. Ал болгону Украинанын аймактык бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын сыйлай турганын айткан. Пекин батыш өлкөлөрүн Орусиянын коопсуздук тармагындагы кабатырлануусун эске алууга чакырган.
Украина каатчылыгы 2014-жылы Крым Орусия тараптан аннексияланып, Москва аталган өлкөдөгү жикчилдерге колдоо көрсөтүп баштагандан кийин жаралган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ