Menu

Казакстанда 5-класстын окуучусу асынып алган

Бөлүшүү:

Павлодар облусундагы Железинск районунун борборунда бешинчи класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган. Анын сөөгүн 18-январда кечинде жумуштан келген апасы тапканы кабарланууда.

Маалыматка караганда, бала колунда бар үй-бүлөдө өскөн, ата-энеси иштейт. Анын артында кичүү иниси калды.

Полиция өзүн-өзү өлтүрүү иш боюнча тергөөнү баштады. Райондук билим берүү бөлүмүнөн 10 жаштагы бала окуган мектепте кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кабарлашты.

Казакстан дүйнөдөгү суициддин деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн катарына кирет. Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2015-жылы Казакстанда 201 өспүрүм өз жанын кыйган, бул 2014-жылга караганда 4,7 пайызга көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: