Menu

Өмүрбек Текебаев: “Бийлик Ыйман жылы деп коюп элди алдап жатат, 1 миллиард долларга жакын пайда көрүп, контрабанда жасап жатышат”

Бөлүшүү:

“16-январь күнү самолет кыйрап, бизде чоң трагедия болду. Мен өкмөттүн келип отчет беришин бир жума күтпөй эле депутаттык комиссия түзүп, парламенттик иликтөөнү сунуш кылам”, – деп билдирди бүгүн, 19-январда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

“Анткени өкмөт чындыкты элден жашырып жатат. Өкмөт “самолет 3 жолу конгонго аракет кылып, үчүнчүсүндө талкаланды” дейт. Бүгүн баарыбызга белгилүү ал түз эле келип талкаланган. “Боинг-747-400F” деген модификация 13,5 миң километрге заправкасы жок учат экен. Мына, менде Турциянын авиакомпаниясы жөнөткөн кат турат. “Биздин заправкабыз жайында болчу. Бишкектен заправка кылганга муктаждык жок эле. Биз Бишкекке заказчиктердин заказы боюнча жүк алып келгенбиз” деп айтып жатат. Ал эми биздин өкмөт башчылары баш болуп, коомчулуктан жашырып, алар дозаправкага эле токтогон деп алдап жатат. Биз аза күтүп, жабыркагандарга жардам берүүдөн башка да, бул окуянын болушуна күнөөлүүлөрдү аныкташыбыз керек. Ыйман жылы дегенде пайданын артынан кууп, граждандардын өмүрүн тобокелге салып, аларды кайгы-муңга чөктүрүп, анан изибизди жашырганга кылган аракетибиз бул туура эмес. Бул фактылар ММКларга жарыяланды, дагы жарыяланат. Биз, парламент эл ишенген орган болгондуктан өз сөзүбүздү айтышыбыз керек.  Бүгүн тез комиссияны түзүп, ишке киришишибиз керек. Биздин чиновниктер: “Стамбулга өтүп кетип жаткан самолет эле” десе, түрктөр: “силерге 1 жолу эмес, 52 жолу жүк алып келгенбиз” дейт. Ар бир каттамында 100 тоннадан жүк алып келсе 5000 тонна груз келип жатат. 80 тонна телефондун, ар бир телефонунан 100 доллардан пайда көрсө 25 миллион доллар бир рейстен пайда көрүп жатат бирөө. Эгер контрабанда боло турганы чын болсо. 50 рейстен 1 миллиард долларга жакын пайда көрүп олтурат. Ошон үчүн бизге казактар менен орустар ишенбей жатат. “ЕвроАзЭСке киргениңер менен “кара тешигиңер” бар. Авто жол менен, авиа жол менен бизге ушундай контрабандаларды киргизип жатасыңар” деп алар биздин президентибизге тар жолугушууларда айтып жатат. Билбесеңер билип коюшубуз керек. Эмне деген груз? Элдин убалына калган. Эмне үчүн өкмөт жаап-жашырат? Артында ким турат? Ушулардын баарын ачышыбыз керек. Ошондо биз курман болгондордун арбагын сыйлаган болобуз. Күнөөлүүлөрдү аныктаган болобуз. Бирөөнүн жеке пайдасы үчүн мунун баарын жаап-жашырып койсок анда бул кылмыш болот”, – деди Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сунушун “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана ” Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов колдоп чыгышты.

Жыйынтыгында “Боинг-747” учагындагы жүктүн мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, ага КСДПдан: Жанар Акаев, Мурадил Мадеминов,  Искендер Кадыркулов; «Кыргызстан» фракциясынан: Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков; «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан: Мирлан Бакиров; «Бир Бол» фракциясынан: Мыктыбек Абдылдаев; «Ата Мекен» фракциясынан: Омүрбек Текебаев; «Республика – Ата Журт» фракциясынан: Курманкул Зулушев, Максат Сабиров, Болотбек Ибраимжановдор киришти.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: