Казакстанда сот Oil Construction Company (OCC) мунайсервис компаниясынын жумушчуларынын ачкачылык акциясын мыйзамсыз деп тапты. Жумушчулар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясын жоюуга каршы чыгышкан.
Компания акцияны мыйзамсыз деп таануу, ачкачылык жарыялагандар отурган имаратты бошотууну талап кылып сотко арыз менен кайрылган.
Сот жумушчулардын акциясын мыйзамсыз деп таап, аны токтотуу, кесиптик кошуун кеңсесин дароо бошотуу чечимин чыгарды. Компаниянын ички тартиптерин аткаруу талабы боюнча ич ара чечишүүнү өкүм кылды. Мындан тышкары жумушчулар сот чыгымына кеткен 2269 теңгени өндүрүп берүүгө милдеттендирилди.
Мунайчылар Көз карандысыз кесиптик кошуун конфедерациясын каттоону сурап, 5-январдан бери ачкачылык акциясына чыгышкан. Жума башында нааразы болгондордун саны 400гө чейин жеткен. Соттун чечимине канааттанбаган тарап, бир ай аралыгында доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрылса болот.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ