Menu

Түркмөнстанда президенттик шайлоого 9 талапкер катталды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда президенттике талапкерлерди каттоо аяктады. 12-февралда өтө турчу шайлоого 9 талапкер катталды. Алар эл менен жолугушууларын улантууда.

Түркмөнстанда биринчи жолу шайлоого үч саясий партиянын өкүлдөрү жана демилгечи топтор жылдырган талапкерлер катышат. Мамлекеттик ММКлар кабарлашкандай, алардын бардыгына шайлоочулар менен жолугушуу, телекөрсөтүү, радио, жана гезит-журналдарда пикир билдирүү боюнча бирдей мүмкүнчүлүк берилди.

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалы президент Гурбангулы Бердымухамедовдон башка бардык талапкерлердин шайлоо программаларын жарыялады.

Президенттике үчүнчү жолу аттанып жаткан Бердымухамедов былтыр декабрда эфирдик убактысын башка талапкерлерге беренин айтып, сөз сүйлөөдөн баш тарткан. Өлкө башчылыгын мелжеп жаткандардын программаларынын максаттары, азыркы президенттикинен айырмачылыктары айтылган жок.

Жергиликтүү байкоочулар шайлоого үч жума калса дагы, калк арасында ага болгон кызыкчылык жок экенин билдиришүүдө. Былтыр сентябрда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, президент жети жылга шайланат. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү шайлоо жараянын дайыма сындап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: