Menu

Бекташ Шамшиев, журналист: «Артынан бычак урган чагымчылдыкка сөзсүз укуктук баа берилиши керек»

Бөлүшүү:

-Авиа кырсык болуп, эл кайгыга батып жатса, социалдык баракча аркылуу Т.Дөөталиеванын элди экиге бөлүп табалаган пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?

— Акыркы болгон кырсыкта өзгөчө жаш балдардын каза табышы Кыргызстан гана эмес бүткүл дүйнөнүн жүрөгүн оорутту. Менин жүрөгүм бар деген адамдын баарын зыркыратты. Буга чейин дагы көп нерселерди жазып келишкен ээн ооздор бар болчу. Аттарын жашырып алып ар балээни жазгандарды окуп эле жатпайлыбы. Ошондойлор абдан аз болду. Бирок арасынан Таттыгүлгө окшогондор чыгып калды. Чыкканда дагы билимдүү десе билимдүү, студенттерге сабак өткөн адамдын ушундай сөздөрдү айтып жатышы көп адамдын кыжырын кайнатты. Анын ичинде менин дагы абдан ачуумду келтирди. Жаш кыз экен деп башында унчукпай турдум эле, акырында чыдабай айтып жибердим. Бул ички маданиятынын жоктугун билдирет. Мына ушул жагынан абдан иш жетээр жерине жетип калганын көрсөттү. Бул кыз жалгыз эле болсо эл кеп деле кылмак эмес. Бүгүн Эля Жедигер деген кыздын чатагы чыкты. Бул үйдө, ашкананын ичинде, ич ара айтылган былык-чылыктар биригип келип ачыкка чыгып кетти. Социалдык тармак азыр абдан күчтүү болуп келе жатат. Социалдык тармак өзүн өзү тарбиялайт. Жанагы биз талкуулап аткан кыздын ата-эне, бир тууган, жакындарына чейин жаман нерселер айтылып кетти. Мындан өткөн жаза деле жок болсо керек. Жалпы элдин кыжырын келтирген кыйын учурда келип артынан бычак урган чагымчылдыкка сөзсүз укуктук баа берилиши керек. Антпесе болбойт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: