Menu

Фото – Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагынын жаңы имаратына 2 банкомат коюлду

Бөлүшүү:

Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын эки кабаттуу жаңы имараты бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жаңы имаратты бүткөрүүдө Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы башчысы, учурда Аксы районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жаткан Эмилбек уулу Талантбектин уюштуруучулук демилгелүү иш аракеттерин жергиликтүү тургундар   ыраазы болуу менен белгилеп жатышат.

Өзүнчө автономдуу жылыткычы бар эки кабаттуу айыл аймагынын жаңы имаратын бүткөрүүгө 4 млн. сом акча каражаты жумшалды.  Бардык бөлмөлөр менен жыйын өткөрүлүүчү залына жылытуу системалары орнотулган. Жылытуу системасы көмүр жагуу жолу менен иштетилет.

-Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы имараты аябай эскирип, ал жерде элди кабыл алып иштөө мезгил талабына такыр эле жооп бербей калган. Бөлмөлөрдүн тардыгынан жана аздыгынан эл менен иш алып баруу мүшкүлгө айланган эле. Жалпысынан жаңы имаратты бүткөрүүгө 4 млн. сом акча каражаты жумшалды. Бишкек шаарында жашап жана иштеп жатышкан Кара-Суулук жердештерибиздин  кошкон салымы 600 миң сом болду,- дейт  Кара-Суу айыл аймагынын мурдагы башчысы, азыркы Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбек.

Азыркы мезгилде Кара-Суу айыл аймагында 7 миңге жакын калк жашайт. Жаңыдан курулуп ишке киргизилген Кара-Суу айыл аймагынын имаратынын биринчи кабатында ар кандай төлөмдөрдү ишке ашыруучу, акча алуучу жана салып которуучу операцияларды ишке ашыруучу  2 банкомат коюлуп, ал иштеп жатат. Эми Кара-Суу айыл аймагынын тургундары ар кандай төлөмдөрдү жүргүзүү жана Россияда иштеп жатышкан уул-кыздары жөнөткөн  акчаларын алуу үчүн убара тартып райондун борборуна барышпастан ушул эле жерден алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Жергиликтүү жашоочулар уюлдук телефондоруна дагы банкоматтардан акча салышат.  Учурда райондогу Кара-Жыгач айыл аймагынын жаңы имаратынын курулушу дагы кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын курулушуна 3 млн. сом акча каражаты ажыратылган.

Жолдошбай Осмонов. журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: