Menu

Акыркы 3 жылда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 300 млн доллар инвестициялаган

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн менен жолугушту.

Өкмөт башчы биргелешкен иштин жана ЕРӨБ тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан программалардын маанилүүлүгүн белгиледи. «Республиканын шаарларында муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы, өлкөнүн бир катар шаарларындагы суу менен камсыздоо жана канализациялар тутумун реабилитациялоо, шаардык транспортту жакшыртуу жана Бишкек жана Ош шаарларында катуу таштандыларды башкаруу сыяктуу долбоорлор ЕРӨБ тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжалуулугунан кабар берет», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ЕРӨБ Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары катары инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реформаларды жүргүзүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүүнү, кичи шаарлардагы муниципалдык жана инфраструктуралык кызматтарды чыңдоо, жеке ишканаларды жана жергиликтүү финансылык мекмелерди өнүктүрүү жана жергиликтүү валютада займ берүү аркылуу финансылык тармакты чыңдоону эсептейт.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бизнеси эл аралык деңгээлдеги инвестициялык даярдоодо жүгүртүү каражаттарына муктаж, ошондой эле насыяларды күрөөлүк камсыздоо көйгөйүнө тушугууда. Аталган маселелерди чечүү үчүн Өкмөт Долбоорлорду даярдоо фондун түзүү маселесин кароодо», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана ЕРӨБдү аталган фондду капитализациялоо ишине катышууга чакырды.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн Чүй облусунда 2017-жылдын 16-январында орун алган жүк ташуучу учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

Нил Маккейн билдиргендей, акыркы үч жыл аралыгында ЕРӨБ Кыргызстанга 300 млн долларга жакын каражат инвестициялаган. «Биз республика аймагында банктын ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө даярбыз, өзгөчө басымды айлана-чөйрөнү коргоо тармагына жасоодобуз. ЕРӨБ башкы кеңсесинин жетекчилигинин чечими менен Бишкек шаары Борбор Азия боюнча аймактык борбор (хаб) катары дайындалды, биз Кыргызстан Өкмөтү менен тыгыз кызматташууга умтулуудабыз», – деп жыйынтыктады Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча аймактык директору Нил Маккейн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: