Ак үйдүн кашегинен секире калып калың элдин эсинде калган Камчыбек Ташиевдин жылдызы жанбай калганына көп эле болгон. Бирок анда-санда чочуган кишидей үн чыгарып коймою бар. Орто жерден Бабановго кошула калды эле, анан кечээ жергиликтүү шайлоолордо өзүнчө бөлүнүп чыкты. Анан «Ата- Журт» партиясын Жалал-Абад шаардык кеңешине катыштырып, шайлоодо анча-мынча мандат алган. Ал гана эмес шаардык кеңештин коалициясына да киришкен. Эми ошол коалициянын иштешине оппозицияда калган СДПК менен «Кыргызстан» фракциясы иштетпей тоскоол болуп жаткан имиш. Негизи оппозициялык жээктеги фракциянын иштөө табияты ошондой эмеспи. Эмне муну Ташиев мырза билбейби? Демек анын ыйлактаганы таптакыр башкада болушу мүмкүн. Саясатта биротоло сызга отуруп калган Камчыке ушул жерден бир балээнин башын баштап, мурдагы аброюн калыбына келтирүүнү көздөп жатса керек. Эгер антсе жаңылышат. Анткени Ташиевдин таасири Жалал-Абадда нөл!
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ