Menu

Эдил Байсалов: “ЕАЭСке Атамбаев киргиздиби бизди, ошол киши өзү чыгарышы керек!”

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуп киргенден бери жарытылуу майнап чыга элек. Биримдикке кирүүнүн алдында берилген убадалар толук кандуу аткарылган жок. Элибиздин абалы күндөн-күнгө оорлой баштады. Биримдикке кирген мамлекеттерге башта убада болгон продукцияларыбызды жарытылуу деле экспорттой албадык. Мындан улам фермерлер жана малчылардын абалы кыйла начарлады. Мына ушул маселенин алкагында коомдук ишмер Эдил Байсалов менен ЕАЭБ эмне үчүн жакшы жыйынтык бербей жатканы боюнча жана мамлекетибиздеги саясый кырдаалдар тууралуу баарлаштык.

-Эдил мырза, башта убаданы катуу берип, бирок Кыргызстан Евразия эконо­микалык биримдигине мүчө болгону эмне үчүн берил­ген убадалар аткарылбай, жакшы жыйынтык бербей жатат? 

-Аталган биримдиктин жакшы жыйынтык бербей жатканы биз Бажы Биримдигине тийиштүү даярдыгы жок киргенбиз. Азыр бийликтегилер деле актанып жатышат, “билбей кирип алыптырбыз” деп. Ал аз келгенсип президент Алмазбек Атамбаев өзү да муну мойнуна алып, жайында Астанада, декабрда Санкт-Петербургта Путин менен Назарбаевге жолукканда “биримдиктен чыгып кетебиз” деп коркутканы айтылып жүрөт. Назарбаев биздин президентти “сооротуп”, үч жыл мурун берем деген 100 миллион доллардын  “2 миллионун жакында берем” деп араң көндүрүптүр. Андан кийин гана биздикилер Бажы кодексинин жаңы редакциясына кол коюп бериптир. Бул окуялар өзүбүздүн бийлик жетекчилеринин элибизге-жерибизге карата өтө одоно иштерди кылгандыгынын белгиси.

-Бул жагдайдан чыгуунун жолу барбы?

-Азыр бардык нерсе Жогорку Кеңештин колунда. Атамбаев кол койгон Бажы Кодекси бизге ратификацияга келет. Ошол документти Кыргызстан үчүн күйгөн депутаттар өткөзбөй коюусу керек. Биринчиден, вице-премьер Панкратов, Сапар Исаков биз эмнеге ал документке башында кол коюдан баш тарттык, кайсы пункттары менен макул эмес экенибизди так түшүндүрүп берүүсү керек. Биздин бийликтегилердин кодекс даярдалып жаткан этаптагы сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн позициясын сактап калуу колунан келген эмес. Атамбаевдин кандай ызы-чуудан кийин кол койгонуна бүткүл дүйнө күбө болду. Азыр Бажы биримдигинде биздин кызыкчылыгыбыздын эске алынып-алынбастыгы сөз болуп жатат. ЕАЭБде биз эле эмес, беларустардын сөзү өтпөй жатат. Ошондуктан биз бул уюмдан, кеч боло электе чыгып кетишибиз керек. Биринчи кадам катары Бажы Кодексин ратификациялоодон Жо­горку Кеңеш баш тартышы зарыл. Андан кийин сый менен эле чыгып кетебиз. Эгемендүүлүктөн, көз карандысыздыктан ыйык жана баалуу дөөлөт жок. Жогорку Кеңеш айтчу сөзүн айтышы керек.

– Бирок, Атамбаевдин Бажы биримдигинен чыгабыз деп айтканга күчү, эрки жетеби?

– Атамбаевтин күчү жана эрки жетиши керек. Биз ЕАЭСке 3-4 жыл мурун киребиз дегенде кырдаал толугу менен башка болчу. Азыр болсо негизги фактор, буюрса, Өзбекстан ачылса, биз мурункудай Казакстанга такалбай, ээн-эркин сезет элек. Кытайга бурулушубуз керек. Негизги соода өнөктөшүбүз ошол өлкө болгонуна 10 жылдан ашып калды. Анан эски адатыбыз боюнча түндүктү карап жатабыз, “Иван качан келет?”- деп. Ботом, баарыбыз деле күбө болбодук беле, жанагы “Русгидро” ушул Жогорку Нарын каскадына “кытай турбиналарды коем” деп айтпадыбы. Эмне үчүн? Анткени азыркы күнү технологиялык жактан Кытай эн жо­горку орунда. Россиянын түшүнө да кирбейт. Алар жалгыз нефть менен эле газ сатып чиренишпесе, баардык технология азыр Батыштын фабрикасына айланган, ошолорду эң сонун өздөштүрүп алган кытай туугандарда. Биз үч жылдын ичинде темир жолду салсак эле, башыбыз Сибирди эле карабай, Чыгышка бурулуп, жашообуз толугу менен өзгөрмөк! Мына Монголияны байкасаңар! Россия менен Кытайдын ортосунда кыпчылса дагы, биздей гастарбайтерсиз эле жакшы өнүгүп бутуна туруп келе атпайбы! Россияны биз сүйөбүз, андан алыс кетпейбиз, бирок бирөө менен чогуу жолго чыксаң, өзүңө тең менен чыгыш керек. Болбосо орус менен казак бизден азыр эле 10 эсе бай мамлекеттер, 10 жылдын ичинде 20-30 эсе ортобуздагы ажырым тереңдейт, биз азыркы кебетебиз менен Гондурас болуп жүрө берсек. Алардын жанында биз эч качан тең өнөктөш болбойбуз, кул болобуз! Эмне кереги бар бизге анын? Өзбек- тажик туугандар көргөн күндү көрө берели андан көрө! Акылыбызды топтойлу да, өзүбүзгө жумшайлы! Мен сезип турам, Атамбаевдин көзү жетти ЕАЭСтен алданганына. Эсиңиздеби, былтыр ГЭСти де­нонсация кылган. Быйыл, кеч боло электе, биз жанагы өзү кол коюдан баш тарткан Бажы Кодекси биз­дин Жогорку Кеңешке келгенде, чыгаан-патриот депутаттарыбыз ратификациялабай коюш керек. Чынында эле, биздин кызыкчылыгыбыз ал жерде эске алынбаса, биз­ге эмне кереги бар өз каалобуз ме­нен моюнга камыт илип өзүбүзгө. Эркиндигибиз баардыгынан артык! Атамбаев киргиздиби бизди, ошол киши чыгарыш керек ЕАЭСтен!

 – Биз өз чындыгыбызды айтканыбыз менен Бажы биримдиги жакшы жыйынтык бербей жатканын Путин  “биздин эмес, ал кыргыз өкмөтүнүн күнөөсү, чабалдыгы”-деди го?

– Бул боюнча биз 2015-жылы март айында Жоомарт Оторбаев бекиткен, а июнь айында каржы министринин орун басары Байгончоков кол койгон Орус өкмөтү менен келишимди биз терең изилдеп, жоопкерчиликке тартышыбыз керек тийиштүү чыккынчыларды. Туура, Путин сөз бергендей эле бизге ЕАЭСке кириш үчүн Москва 200 млн. доллар бөлүп берет. Бул тиги Кыргыз-Орус фондунан тышкары. Бул акчага лабораториялар салынып, чек ара пункттар, бажы борборлор, бүт мамлекеттик органдарга жаңы компьютерден баштап отургучуна чейин алынып бериши керек эле. Биздин мамлекетке эч ким, эч качан 200 млн. долларды берген эмес накталай акча менен. Ошол ЕАЭСке киребиз деп даярданып атканда көбүнчө министрлер ошол эле акча келсе, бир жакшы ре­форма кылып алабыз деп, кирүүгө макул болуп, кызыкдар болушкан. Анан эмне болду аягы? Орто жер­ден азербайжандык олигарх Агаларовго тийиштуу “Крокус” деген компаниясына 120 млн доллары өткөзүлүп берилсин деп Жоомарт Оторбаев кол коюп берип атпайбы? Кыргыз үчүн күйгөн киши ушуга барабы, айтсаңыз? Агаларов менен ошол кездеги бизге куратор болуп жүргөн Бельянинов бир туугандай дос болгону баарыбызга белгилүү. Анан карабайсызбы, эки мамлекеттин ортосуна ошону аралаштырып аткандыгын. Ал эми Москвадагы коррупционерлер ошол аркылуу акчаны жеке чөнтөккө чыгарып, көбүнчөсүн жеп алууга көздөрү төрт болуп турганы айдан ачык болуп турса дагы, биздин өкмөт эмнеге ошого макул болот десеңиз? Анан ошол себептен бизге эки жыл мурун даяр болчу лабораториялар, логистикалык борборлор, жалпы эле мамлекеттик аппараттын денгээли даяр болбой, аксап, түз жерден өзүбүз эле чалынып атпайбызбы! Мунун себеби ошол “крокусгейт” аферасында жатат! Ушул маселени биздин тийиштүү органдар тергеп, аягына чейин чыгышы керек. Атайын парламенттик комиссия да түзүлүшү керек! Байкасаңыз, ошондон көп өтпөй эле Бельянинов жумуштан алынып, үйүндө эбегейсиз байлыктар табылып атканда, биздин президент “ал үчүн бул акча чепуха” деп койгондо биз таң калган элек, “өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген Бельянинов каяктан миллионер болсун”- деп. Эми билип койгула! Бизди аңга киргизип коюшуп, буларың элибизге тийиштүү акчаны жутуп коюшпасын? Балким ошону Путин айтып аткандыр?

– Эдил мырза, Аламүдүн прокуратурасы Апрель окуясы боюнча соттолгон мурдагы жетекчилердин боштондукка чыгышына каршы доо арыз менен сотко кайрылып, “мыйзамсыз бошогон” дешти. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Бул калп эле укмаксан- билмексен болумуш болуп, түштөн кийин шоу уюштуруу. Жанагы “нанай балдардын” күрөшүүсү бар го, так ошондой. Эми чыгышсын, алар эмес жанагы Батукаевди деле качырып жибербеди беле Атамбаевтин бийлиги? Ал менен салыштырмалуу булар эми тийиштүү жазасын алышты го, күнөөсү барбы, жокпу – ал башка кеп. Баса, жанагы Бату­каев жөнүндө да акыркы “уткасын” көрдүңөрбү? Москвадагы башпрокурор Чайка сөз берген имиш, тиги Индирага: күзүндө кайра экстради­ция кылабыз деп. Эми ошого ким ишенет? “Ага чейин же эшек өлөт, же падышах” деген Алдар Көсөнүн анекдоту болуп жатпайбы. Жөн эле көз боемочулук. Рамзан Кадыров Батукаевди жеке самолет менен алып кетип, эми кайра кайтарып берет бекен? Эми ушуга ким ишенет?

– Батукаевди качырууда башында кимдер турганы  боюнча чындык ачыкка чыгат деп ойлойсузбу?

– Батукаев Атамбаевдин макулдугусуз мекенден эмес, зонадан чыкмак эмес. Бул боюнча чон жаңжал дагы алдыда. Убагы келгенде тийиштүү документтер жана күбөлөр көрсөтмөлөрүн тапшырарында күмөнүм жок!

– Добуштарды сатууга тоскоолдук жараткан мыйзам оң жыйынтыгын берээрине ишенесизби?

-Добуштарды сатып алуу чынында эле элибиздин өз айылында турбастан, шаарда, чоочун жерде “квартирант” катары менталитет, ой жүгүртүү, жүрүш-турушу маргиналдашканы басымдуу ролу түпкү себеп болуп берет. Бул жерде биз азыркы шайлоо системаны олигархтардын колунан алып, нукура таза элдик бийликти түзөлү десек, партиялык тизмелерди ачык кылып, мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Преференциалдуу системада шайлоочу жаккан партиясына гана добуш бербестен, ошол партиянын тизмесиндеги колдогон талапкерин сүрөп, атайын колдоосун белгилей алат. Ошондо олигархтар эмес, ну­кура элдик адамдар парткожоюнга жакпаса дагы алдыңкы орундарга элдин добушу менен шайлана алышат. Сөзсүз түрдө биз ошол преференциалдуу системаны киргизишибиз керек! Ансыз биз азыркы бийликти демократия же парламен­таризм дебестен, ачыктан ачык эле олигархия-плутократия деп этап коюшубуз керек.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: