Menu

Интриган Иса Өмүркулов СДПК фракциясын ичинен бөлүп-жарып, 3 топко бөлүп салды

Бөлүшүү:

Эзелтен бөлүп-жаруунун устаты, интриган Иса Өмүркулов парламенттеги СДПК фракциясына Алмаз Атамбаевдин ырайымы менен лидер болуп келген 1 жылдын ичинде фракциянын ынтымагын кетирип, бөлүп-жарып, 3 чоң топко бөлүп салды.

Фракция лидери Иса Өмүркулов алгач бир бүтүн фракцияны башкарчу. Азыр өзүнүн чоң группировкасын гана башкарып калды.

Спикер Чыныбай Турсунбековдон спикерлик кызматты оодарып алам деп ар түрдүү комбинациядагы интригаларды уюштуруп жүрүп, акыры Чыныбай өзүнүн тобун түзүп коргоно баштады. Азыр Чыныбайдын туруктуу уюшкан тобу бар.

Андан кийин президенттин мураскери Сооронбай Жээнбековго каршы тымызын иштеп, аны мураскерликтен оодара тартып, анын ордун өзүм ээлейм деген максаттагы интригаларынын айынан парламентте Асилбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров жетектеген дагы бир уюшкан топ пайда болду. Алар Сооронбай Жээнбековдон мураскер президент чыгарабыз, аны коргойбуз деп тымызын аракеттенишүүдө.

Бул 3 топтон сырткары СДПК фракциясында жаңыдан калыптана баштаган жаштардын группировкасы да пайда боло баштады.

Кыскасы, азыр парламентте бир бүтүн СДПК фракциясы жок. Бири-бири менен тымызын согуш жүргүзгөн 3-4 группировка гана иш алып барышууда. Булар Атамбаев кызматтан кетери менен дароо чачырап кетери анык болуп калды.

Булак:  Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: