Кыргыз жеринде тайраңдап жашап, бийик төрүндө чалкалап жатканына ыраазы болбой, каалагандай келекелеп, шылдыңдап келе жаткан Ирина Карамушкина деген депутатка эч кимдин алы жетпей койду. Жакындан бери кайра трибуната чыгып, оозуна келгенди оттоп жаткан кези. Ырас, КСДПчылар өткөн шайлоодо мандеми барлардан тазаланып, арты шакмар адамдардан аз да болсо арылган эле. Маселен, бала бакчаны сойкуканага айландырган Т.Салимов, кандаш атасы каракчылыкка шектелтен Ы.Кадыралиева, бир тууганы бала сатуу кылмышы менен айыпталган Элмира Иманкожоева өңдүү бир нече кишиден кол үзүп, тазаланып чыккан. Бирок Иринанын жасагандары булардын жанында суу кечпесе да, негедир тизмеден чыгарылбай, кайра мандатка ээ болуп отурат. Бул жаңылыкка элдин жүрөгү зырп этип, буга эч кимдин алы жетпейби деп баш чайкап жаткан учур. Көрсө Карамушкинанын колдогону чоң окшойт. Москвада деген каңшаар бар. Ошондон улам кыргыздар миң какшаса да Иринанын тезегине куурай сая албай келе жатыптыр. Айкөл эл эмеспизби, эми чыдайлы…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ