Menu

Атамбаев президенттик шайлоонун алдында Тайырбек Сарпашев Бишкекти башкарсын деп буйрук бериптир

Бөлүшүү:

Президенттик мөөнөтү бүтүп бараткан Алмаз Атамбаев Кытайга кетердин алдында Ак үйдөгү жан жөкөрлөрүн резиденциясына чакырып, мураскерин жарыялаганын жазган элек. Анда кийинки президенттик мөөнөткө Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министрликке Албек Ибраимовдор аталган. Баардык мамлекеттик структураларды жана колдо болгон ресурстарды ушул эки талапкердин тандемин бийликке алып келүүгө жумшоону буйруган эле.

Ошол эле жолугушууда Алмаз Атамбаев Албек Ибраимовдун ордуна Бишкек шарынын мэри болуп Тайырбек Сарпашев дайындаларын ачыкка чыгарыптыр. Тайыр президенттик шайлоо учурунда Бишкекте СДПКнын кандидатынын жеңишин камсыз кылышы керек деп баса айткан.

Албетте Сарпашев түштүктүн өкүлү Сооронбай Жээнбеков президенттикке чыгып жатса ал өзү премьер-министрликке ат салышууга болбосун түшүнүп, Бишкектин мэрлигине кың дебей макул болуптур.

Шайлоонун шайтан оюндарын жасаганга маш болуп алган Тайырбек Сарпашевди Атамбаев 2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөтүп, шайлоочулардын тизмесине “сүү-сүү” жасатып, СДПКнын жеңишин камсыз кылган эле. Эми Мамкаттоо кызматындагы “шайлоо технологияларын” жөнгө салгандан кийин Бишкекти көзөмөлдөгөнгө кезек келиптир.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: