Menu

Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоо күнү-түнү жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кар калың жаап, жолдорду кардан тазалоо иштери күнү-түнү жүрүп жатат. Бул тууралу мэриянын жетектөөчү адиси Руслан Жунусов билдирди.

Анын айтымына караганда, 23-январдан 24-январга караган түнү кар калың жаап, шаар көчөлөрүндө унаалардын жүрүшүн кыйындаткан. Шаардыктарга зарыл шарттарды түзүү максатында жолдорду кардан тазалоо иштери түнү менен жүрдү.

– Шаардагы жашылдандыруу жана жол башкармалыгы менен биргеликте түңкү саат 23төн таңкы саат 8.00гө чейин аталган башкармалыктын жумушчулары иш менен алек болушту. Ошентсе да кар көп жааганына байланыштуу тазалоо иштеринде бир аз кыйынчылыктар болууда, бирок шаарда жол жүрүү кыйынчылыктары болбойт, – дейт ал.

Эскерте кетсек, азыркы учурда шаардагы кичи райондор аймагында көчөлөрдү укардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Шаардагы тийиштүү муниципалдык кызматтар сутка бою иштей тургандыктарын билдиришүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: