Ток этээрин айтканда, Жумгал районунун прокурору Тариэл Жумагазиевге болгон жергиликтүү элдин нааразычылыгы күч. Жалпы элдин назарын сындырып, нааразылыгын күчөтүүгө эмне себеп болду? Бул суроого жоопту бир ганаЖумагазисв өзү эң жакшы билет. Ал эми эл болсо Тариэл мырзанын «тайраңбай» кылыктарын «кыл жип» менен муунтууну чечишиптир. Алды кайрылуу кат менен кайрылып, чындык издеп жүрөт. Ошол эле учурда прокурор Жумагазиев болсо «ханский замашкалары» менен ишин улантууда. Элди ирээнжиткен негизги кадамдары тууралуу айта турган болсок, прокурор Жумагазиев ууруларды коргоп, аларга «крыша» болуп жатканы. Эгерде танып, андай эмес мындай дей турган болсо, өз чындыгын айтсын, угалы. Жок, айта албай турган болсо, мыйзам деген жалпыга бирдей экенин прокурор өзү эң жакшы билет чыгаар. Же өзү «крышовайт» эткен ууруларына өтпөй жаткан мыйзам Жумагазиевге деле өтпөйт деген көр түшүнүктөбү? Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабаган сыңары, погонго жамынган уурулук да жөн жерден чыгып жатпаса керек. Андыктан коомчулуктун пикирин эске алуу менен прокурор мырзанын чоо-жайын иликтөөнү чечтик.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ