Menu

Эл акыны Эгемберди Эрматов дүйнө салды

Бөлүшүү:

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы, Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматов узакка созулган оорунун кесепетинен бүгүн 24-январда көз жумду. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Маркумду узатуу зыйнаты өзүнүн кичи мекени болгон Баткен обулусунун Кадамжай районунда болот.

Өмүр баяны

Кыргыз эл акыны, драматург Эгемберди Эрматов 1951-жылы Баткен обулусунун Кадамжай районунун Пум айылында туулган.

Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатын аяктагандан кийин Оштогу педагогикалык окуу жайында окуган. Эмгек жолун Кадамжай районунда «Ильич нуру» газетасында адабий кызматкер болуп баштаган. Советтик армиянын катарында кызмат ѳтѳп келгенден кийин кайрадан газетада эмгектенген. 1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун аяктап “адабий кызматкер” деген кесипке ээ болгон. Окууну аяктап келгенден кийин бир нече жыл республикалык «Кыргызстан маданияты», «Кыргыз руху» гезиттеринде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында адабий кызматкер, бѳлүм башчы, баш редактордун орунбасары, баш редактор болуп иштеген.

1997-2008-жылдары БатМУнун алдындагы Кызыл-Кыя гумманитардык-педагогикалык институтунда окутуучулук кылып, студенттер үчүн «Алтын ѳрѳѳн» газетасын чыгарган. Акындын алгачкы ыр китеби 1979-жылы «Ак дил» деген ат менен «Мектеп» басмасынан жарык кѳргѳн. Ошондон бээри Э.Эрматовдун ондогон ыр жыйнактары чыгып поэзия күйѳрмандарын кубандырып келе жатат. Айрыкча «Махабат», «Исфайрам авазы», «Заман кайрык» аттуу ыр жыйнактары, «Мухаммед пайгамбар» аттуу дастаны акындын орошон талантынан кеңири кабар берип турат.

Э.Эрматов «Жаңыл Мырза», «Ак Саткын менен Кулмурза», «Отурар баяны», «Кедейкан» сыяктуу поэтикалык драмаларын сахнага койдуруп драматург катарында таанымал. Кыргыз драматургиясына кошкон салымы үчүн ага Т.Абдумомунов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.

Ал кыргыз элине таланттуу котормочу катарында белгилүү. Чыгыштын улуу классиги Низами Гянжавинин «Жети сулуу», Кулкожо Акмат Яссвинин «Хикметтерин», ошондой эле чыгыштын улуу акындарынын чыгармаларын которуп кыргыз адабиятынын алкагын байытууга чоң салым кошкон.

Акындын ырларына Ж.Шералиев, Р.Абдыкадыров, М,Бегалиев, А.Карыбаев сыяктуу атактуу обончулар обон жазышкан. Эрматовдун ырлары кѳптѳгѳн тилдерге которулган.

Адабият тармагандагы кѳп жылдык үзүрдүү эмгеги үчүн ага 2002-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2011-жылы «Кыргыз эл акыны» деген ардактуу наамдар ыйгарылган.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы кызматына дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5 чакырылышынын депутаты болгон.

2013-жылдын апрель айынан 2016-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп кызмат өтөгөн.

* Жарык кѳргѳн чыгармалары:

  1. Ак дил. Ф: Мектеп, 1979-жыл, 59 бет.
  2. Шаар жана тоолук. Ф: Кыргызстан, 1982-жыл, 77 бет
  3. Ѳмүр издери . Ф: Кыргызстан, 1984-жыл, 77 бет
  4. Туяктын ыры. Ф: Кыргызстан, 1987-жыл, 66 бет
  5. Саймалуу таш. Б: Адабият, 1992-жыл,144-бет
  6. Махабат. Б: Эркин-Тоо, 1995-жыл,
  7. Мухаммед пайгамбар(дастан). Б: Учкун, 2001-жыл, 387 бет
  8. Алтер эго. Ош, 2006-жыл, 68 бет
  9. Байлык, бийлик ,аял жѳнүндѳ (эсселер). Ош, 2006-жыл, 81 бет
  10. Чыгыш эл адабияты(хрестоматия). Ош, 2006-жыл 251 бет
  11. Исфайрам авазы. Б: Бийиктик, 2007-жыл, 287 бет
  12. Низами Гянжави. Жетисулуу (дастан) котормо. Б: Бийиктик 385 бет
  13. Легендага айланган инсан ( Т. Кулатов жѳнүндѳ маек- эссе).Б: Бийиктик. 2007-жыл, 232 бет
  14. Кулкожо Акмат Яссавий. «Хикметтер китеби», котормо.Б: Бийиктик, 2008-жыл, 204 бет
  15. Мухаммед пайгамбар (дастан) 2-басылышы.Б: Бийиктик. 2008-жыл, 392 бет
  16. Заман кайрык. Б: Бийиктик. 2010-жыл, 286 бет
  17. Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы. Б. Бийиктик, 2011-жыл, 186 басма табак.
  18. Мени издесең Ырларымдан табасың. Б: “Турар” б. 2013-жыл, 27 б.т.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: