“Биз, социалдык түйүндөрдө жазып жаткан жарандар, журналисттер, активисттер бийликтин басымынан корпошубуз керек. Эгер бийлик кысым кылса коркуп унчукпай кала турган болсок, анда бийлик өз максатына жетет. Бир акылман:”Биздин эң күчтүү, эң каталык түрмө – бул биздин аң сезимибиз” деп. Эгер биз коркуп калсак, анда бийлик бизди ошол түрмөгө киргизип койгон болот. Эгер биз коркпостон дагы көбүрөөк каршылык көрсөтсөк, көбүрөөк иштеп, бийликти көбүрөөк сындасак өзүбүздүн укуктарыбызды гана коргобостон жалпы эле мамлекеттик абалды жакшыртууга, бийликтин натыйжалуу болушуна салым кошобуз”, – деди бүгүн, 24-январда өткөн “Социалдык тармактарга басым: кантип коргонуу керек” деген темадагы тегерек столдо оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ