Menu

Алмаз Атамбаев өз Аппарат жетекчиси менен КР Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдыктын жүрүшүн талкуулады

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев 23-январда Президенттин Аппартынын жетекчиси Фарид Ниязовдун 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыктары боюнча киргизилген оӊдоолорду эске алуу менен  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын расмий текстин жарыялоого даярдоо боюнча Ведомстволор аралык жумушчу топтун иши тууралу маалыматын укту.

Ф.Ниязовдун маалыматы боюнча, Мамлекет башчысынын буйругу менен түзүлгөн Ведомстволор аралык жумушчу топ ишин аяктап жатат. “Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ушул мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен КР Конституциясынын расмий тексти  Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып он төрт күндөн кеч эмес убакта жарыяланууга тийиш. Ошондой эле референдумда кабыл алынган мыйзам Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуудан тышкары, 2010-жылы келтирилген жана укуктук-нормативдик акттар жөнүндөгү мыйзам менен кийин жөнгө салынган мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттеринин бир катар шайкеш келбестиктерди  жоюуну талап кылат.

Мамлекет башчысы жасалган иштердин маанисин белгилөө менен Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү менен тартылган эксперттердин бул жооптуу ишти аткарууга өтө олуттуу жана дыкат мамиле жасоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: