Menu

Наристени өлтүргөн өзбекстандык аял ооруканага жаткырылды

Бөлүшүү:

Москвада наристени өлтүргөн өзбекстандык бала багуучу Гүлчехра Бобокулова дарыланууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Интерфакска” прокуратуранын расмий өкүлү Елена Россохина билдирди. Анын айтымында, Бобокулова Орусиядагы психиатриялык ооруканалардын бирине жаткырылды.

Өлтүрүлгөн наристенин энеси мамлекеттик айыптоочунун позициясын кайра кароо боюнча арызданган эмес. Сот психологиялык-психиатриалык экспертизанын жыйынтыгына таянып өкүм чыгарган. Дарыгерлер айыпталуучу оорулуу жана күч менен дарылоого муктаж деген кортунду беришкен.

Былтыр 24-ноябрда Москвада сот Бобокулованы кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, күч менен дарылатууга жөнөтүү боюнча токтом чыгарган.

Сотто аял алгач наристени думуктуруп, анан башын кесип таштаганы аныкталган. Мындан кийин Бобокулова кыздын ата-энеси ижарага алган батирди өрттөп, аларга 5 миллион 57 миң рубль материалдык чыгым келтирген. Батирдин ээси 1 милилон 483 миң рубль зыян тарткан. Бобокулова күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал “Алланын көрсөтмөсү” менен бул ишке барганын айткан. Өзбекстан укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча аял шизофрения менен жабыркап жүргөн жана мекенинде бир нече жолу дарыланган.

Москвадагы “Октябрьское поле” метросунда 2016-жылы 29-февралда наристенин кесилген башын көтөрүп жүргөн аял каралган. Бала багуучу болуп иштеген 38 жаштагы өзбекстандык Бобокулова кичине кызды өлтүрүп, ал жашаган үйдү өрттөп жиберген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: