Menu

Казакстанда башкы редактор шарттуу түрдө беш жылга соттолду

Бөлүшүү:

Астанада сот Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz сайтынын ээси Бигелди Габдуллинди шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыратты. Ал сот залынан бошотулду. Башкы редактор өзүнө таандык медиаресурстарды колдонуп, мамлекеттик кызматкерлерден акча талап кылып турган деген айып боюнча күнөөлүү деп табылды.

Башкы редакторго жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында жана жетекчи кызматтарда 10 жылга чейин иштөөгө тыюу салынды. Соттун чечими менен камактагы мүлкү бошотулду жана мамлекеттин менчигине өтпөй турган болду.

Сот 62 жаштагы Габдуллиндин кичине балдары жана тергөө органдарына өз эрки менен келгени эске алынганын билдирди.

Бигелди Габдуллин былтыр ноябрда камалган. Тергөө учурунда ал күнөөсүн мойундап, пара катары алды деген каражатты кайтарып берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: