Menu

Улуу акын, философ, ойчул, Карахандар каганатынын мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат

Бөлүшүү:

Эртең, 27-январда  Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын Кытай билим берүү жана маданият борбору залында  Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында улуу акын, философ, ойчул, Карахандар каганатынын мамлекеттик ишмери Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган –  «Китеп атын «Кут алчу билим» койдум, Кутун алсын окурман терең ойдун» аттуу китеп көргөзмөсү, «Даанышмандык – түбөлүк өчпөс ысым» аттуу  библиографиялык көрсөткүчтүн бет ачары жана тегерек үстөл өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий  мурастарынын «Мурас» фонду, Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын  Улуттук китепканасы.

Жусуп Баласагын 1015–1018-жылдары аралыгында Карахандар каганатынын  Токмок шаарына  жакын жерде жайгашкан биринчи борбору – Баласагын шаарында туулган. 1069–1070-жылдары 54 жашында 18 айдын ичинде “Кутадгу билиг” (“Кутту билим”) китебин Кашгар шаарында жазып бүтүрүп, Кашгар шаарынын башкаруучусу Тавгач Богра-Абу-Хасанга тартуулайт. Богра хан Жусупка алкыш иретинде “Улуг Хас-Хажиб” деген наам берет.

Өз доорунда мыкты билим алган окумуштуу араб, фарсы, тажик тилдерин өздөштүрүп, көркөм адабият, тарых, астрономия, математика ж.б. илимдерди үйрөнгөн.

Жусуп Баласагындын жападан-жалгыз чыгармасы – “Кутадгу билигдин” негизги идеясы Карахандар каганатында идеалдуу өкүмдарды тарбиялоого жана окутууга багытталган.

Бул поэма акылмандык менен бийик жүргүзүүгө, адамдарга жакшы мамиле кылууга алып барууну жолду көрсөтүү максатында жазылган этикалык-дидактикалык чыгарма болуп эсептелет.

Залкар чыгармасы менен Жусуп Баласагындын ысымы карт тарыхтын барагына өчпөс болуп жазылып калды.

Бул дастанды окуган окурмандар байыркы ата-бабаларыбыздын акыл-насаатына ынанып, асыл ойлорунан кут табарына ишенген болот.

Бул иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана маданият  кызматкерлери, акын, жазуучулар, студенттер жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Аягында «Карахан доору. Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашгари-Барскани» аттуу даректүү фильм көрсөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: