Menu

Фото – Сузак районунда жүргөн жер көчкү эки үйдү басып калды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-январда Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылында саат 15-40тар чамасында жүргөн жер көчкү 2 үйдү мал сарайлары менен толук басып калды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Жергиликтүү Сары-Булак айылынын жашоочуларынын айтымында жалпысынан 65 миң куб метрди түзгөн чоң жер көчкү акырындап жылган. Анын натыйжасында адам өмүрү кыйылбай, 2 үйдүн тургундары болгону үстүндөгү кийимдери менен үйлөрүнөн качып чыгууга үлгүрүшкөн. Көчкү жүргөн Сары-Булак айылынын жашоочусу Алмашкан Абдырасулова менен Жыргалбек Касымбековдун үйлөрү буюм-тайымдары,  короо-сарайлары толугу менен жер көчкү алдында калып кетти. Азыр дагы 2 үйгө реалдуу жер  көчкү жүрүү коркунучу жаралып турат. Эң башкысы жер көчкү адам өмүрүнө зыян алып келбегендигине жергиликтүү жашоочулар кубанып жатышат.

-Карындашым Назик экөөбүз чай ичип олтурганбыз. Бир маалда эле сырттан качыр-кучур деген үн чыгып, терезенин тушундагы жыйылган чөптөр акырындап жыла баштады. Карындашымды колунан жетелеп, аны жылаңайлак сыртка алып  чыгууга үлгүрүп калдым. Мал сарайымдагы эки жылкым көчкү алдында калып кетти. Документтерибизди алууга дагы үлгүрбөй калдык,- дейт 1990-жылы туулган Муратбек Маткасымов.

-Көчкүнүн күндүзү жүргөнү биз үчүн чоң бакыт болду. Жер көчкү акырындап жылгандыктан баарыбыз коопсуз жайга качып чыгуугу үлгүрдүк. Биз беш бир тууганбыз. Эгерде көчкү түн ичинде жүргөндө эмне болмок эле?,- дейт Жыргалбек Касымбековдун уулу, Зия Саралаев атындагы №66 орто мектептин 10 классынын окуучусу Бекболот.

-Балдарымдын ырыс-таалайлары бар экен, аман калышты. Мен айылчылап кеткен элем. Бир маалда эле “Алмашкан эже үйүңүзгө тез барыңыз!” деп балдар чуркап жетип келишти. Үйүмө шашып чуркап келсем уулум менен кызым эл арасында сак-саламат турушуптур. Үйүм менен сарайымды болсо жер көчкү эчак эле басып калган экен. Балдарымдын аман калганына кудайга миң мертебе шүгүр келтирип жатамын,- дейт үйүн көчкү басып калган 63 жаштагы Алмашкан Абдырасулова. Көчкү баскан эки үйдө жана көчкү басуу коркунучунда калган дагы 2 үйдө, бардыгы болуп 4 үйдө 26 адам жашайт.

Жер көчкү жүргөн Сары-Булак айылына табигый кырсык жүз берери менен өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов жана Кыз-Көл айыл аймагынын башчысы Автандил Кушбаков жергиликтүү тургундар менен жеринде баарлашып, калкка жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардан тез арада көчүү зарылдыгын дагы бир ирет айтып түшүндүрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан турак-жайсыз калгандарга жана үйлөрү жер көчкү жүрүү коркунучу алдында турган 4 үй-бүлөнү тууган-уруктарына жайгаштырышты. Аларга ар тараптуу камкордуктар жана колдоолор болуп жатат. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан  20 милиция кызматкерлери Сары-Булак айылында тургундардын коопсуздугун камсыздоо жумуштарын аткарып жатышат.

Сузак районундагы Кыз-Көл айыл аймагында жалпысынан 15 150 калк жашайт. ӨКМнин адистери тарабынан Жалал-Абад областы боюнча бүгүнкү күндө жер көчкү жүрүү коркунучу бар 1700  участкалар аныкталган.

 Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: