Президенттик шайлоо дегенде эле бул жактагы саясатчыларды сөз кылып, билинбей жүрүп жеңишке жете турган адамдарды эске албай, качан гана аты чыгып калганда “Бул ким эле? Кайдан чыга калды?” деп изилдей баштайбыз. Мындай “тёмная лошадкалар” күтүлбөгөн нерселерди жаратып жиберишет. Өзү дипломатия тармагында иштеп тажрыйба топтогон, бизде көпчүлүккө белгилүү боло бербеген Таалатбек Масадыков деген бар. Бул киши да алдыда боло турган президенттик шайлоодо талапкер болуп чыга турган болуп жатканы белгилүү болду. Масадыковдун тышкы колдоочулары күчтүү экени айтылып жатат. Өзү да жакында эле Москвада, Санкт-Петербургда таасирлүү адамдар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүптүр. Ал жактан “добро” берилгени угулду. Таалатбек мырзанын казак президенти Нурсултан Назарбаев менен да мамилеси “беш” экен. Азербайжан президенти Алиев кайнагасы болот деп айтылууда. Эки президент каржы жактан колдоп, Москва аркасындагы тирөөчү болсо, Масадыковдо “шанс” жогору болот го.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ