Menu

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы: “Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик мойнуна артылган жүктөрүн көтөрө албай калган деңгээлге жетип калды”

Бөлүшүү:

— Адахан Кимсанбаевич, сиз акыркы күндөрү саясат айдыңында көрүнбөй кеттиңиз. Ташиев, Мадумаров, Келдибеков үчөө бириккенин жарыялагандан көп өтпөй эле кайра тарап кетишиптир деген сөздөр чыкты. Буга үн каткан жоксуз. Өлкөдөн сыртта жүрүп келдиңизби?

— Мен өткөн жылдын декабрь айынын үчүнчү он күндүгүнөн баштап он үчүнчү январга чейин эч бир нерсеге аралашкан жокмун. Себеби, сыртта болдум. Сүннөттү аткаруу максатында Умра сапарына барып, Мекке-Мединада жүрсөм, бул жакта ушундай сөздөр тарап кетиптир. Жаратканга чексиз ыраазычылыктар болушу керек, ошол жерге барып, зыярат кылып, өзүбүздүн кайсыл бир милдетибизди аткарып келгенибизге. Мен муну мактанып жарыя кылгым келбейт. Бул эл-жер үчүн эмес, ар бир инсан өзү үчүн жасай турган иш.

— “Ахматбек Келдибеков президенттик шайлоого аттана турган болуп өзүнүн штабын түздү, ага Адахан Мадумаровдун ичи чыкпай калыптыр” деген сөздөр айтылып, жазылып да жүрөт. Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер кылып тандадыңыздарбы?

— Биз азыр Кудай алдында канчалык күнөөкөр болуп жатканыбызды билбей, жалаң ушактын аркасы менен жашап жатабыз. Таарынбайлы, ушактардын, тартипсиздиктин, мыйзамсыздыктын өлкөсүнө айланып баратабыз. Тилекке каршы, адамдарды бири-бири менен чагыштырмай, бири-бири менен уруштурмай, жалган маалымат таратмай, тилекке каршы мамлекетибизде ушундай илдет болуп калды. Себеп, баардык нерседен кут кетти. Куту кеткен жерде ушак көп жүрөт. Жетекчиң жетекчидей, парламентиң парламенттей, Өкмөтүң Өкмөттөй эмес. Мына ушундай кыйын маселе жаралды. Мен Кыргызстандан сыртта жүрүп келсем эмне деген гана сөздөр айтылып, жазылбаптыр. Таң каласың, “Ушулар акыретин ойлойт болду бекен, акыретте жоопкерчилик тартып калам деген коркуу сезимдери бар бекен?” деп ойлойсуң. Булардын максаты адамдарды чабыштырмай. Биз үчөөбүз эле бириккен жокпуз, ал жерде бир топ жигиттер, кыздар бар. Ар кандай ушактарды чыгарып айтып жүргөндөр жазасын алаар күн келет. Алар жалган маалымат тараткандардын, эки жакты чабыштыргандардын азабы аябай оор болорун тилекке каршы билбейт. Биз бекем бириккен бойдон турабыз, ортобузда эч кандай маселе жок. Ким эмне деген болсо ошол десин. Эгер кандайдыр бир чечимдерди кабыл алган болсок, Кудайга шүгүр баарыбыздын көзүбүз тирүү турат, кайрылып сурап койсо жакшы болмок.

— Араңыздарда президенттик шайлоого Ахматбек Келдибековду чыгарабыз деген сөз болгон беле?

— Биз ал боюнча ачыктан-ачык жарыяладык, андай сөз эч бир жерде боло элек. Сөз болгондо ошол куйтулар биринчилерден болуп угушат. Өздөрүнчө шайтан оюндарын ойногондон баштарына мүйүз чыгып кетпейт. Болгондо биз өзүбүз жарыя кылабыз.

— Сиз “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидерисиз, Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибеков “Ата Журт” саясий партиясынын лидерлери. Мындан кийин эки партия биригип, бир бүтүнгө айланып, бир туунун алдында күрөш жүргүзөбү же лидерлер гана бириктиңиздерби?

— Кыргызстандагы кайдыгер эмес көз караштагы кыз-жигиттердин баарын бириктирүү максатыбыз, эки гана партия эмес, бир канча партияны бириктирип, бир партияга айлантабыз деген үмүтүбүз бар. Кеп эки партиянын ортосунда эле болуп жаткан жок. Партияга кирбеген бир канча азаматтар бар. Баары биригип бир күч болушу керек. Бөлүнүп-жарылуудан кыргыз оңуп же этегибиз жерге тийип кетпеди. Бөлүнүп-жарылуу деген шайтандын иши.

— “Мадумаров дайыма кыргыз элинин бүтүндүгүн айтканы менен эмне үчүн түштүктүн үч жигити гана бирикти” деген сөз басым менен айтылууда. Түндүктөн чыккан азаматтардын аттарын неге атабай жатасыңар?

— Ачык жарыялап, жанында туруш үчүн ыраматылык Бекмамат Осмоновдун сөзү менен айтканда жүрөктө жок дегенде жолборстун эки кылы болушу керек.

Бүгүнкү күндө ачыктан-ачык каршы чыгууга эрдик керек. Биз силер мененбиз, чогуубуз, жаныңардабыз, бизди өзүңөр менен чогуубуз деп эсептеп койгула дегендер толтура. Алар белгилүү мөөнөтү келгиче жарыкка чыгыша албайт. Эмне үчүн үчөө дегенде, үчөө ачыктан-ачык көкүрөк кагып чыга алды. Өзүбүз деле катарыбызда аттары аталбаган бир топ азаматтар бар деп жатпайбызбы.

— Жакын арада биргелешкен съезд өткөрөсүңөрбү? Бул тууралуу сөз болуп жатабы?

— Даярдыкка жараша болот. Съезд болбогон күндө дагы кызыктар болгон күчтөрдүн биргелешкен чоң жыйыны өтүшү керек.

— Шайлоо тыйынсыз өтпөй калбадыбы. Сиздер дагы талапкерди тандап жатканда анын капчыгына карайсыздарбы же башка жактарын да эске аласыңарбы?

— Ошол күн келсин, көрөбүз.

 “Манас” аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылында жүк ташыган учак кулап, бир канча жарандын өмүрүн алган каргашалуу окуя болуп кетти. “Гонконгтон учкан учактагы жүк Стамбулга эмес, Бишкекке келип түшмөк, ал Кыргызстандагы аттуу-баштуу адамдыкы болуп чыгышы мүмкүн” деген сөздөр чыгууда. Бул айтылгандар чындыкка төп келип калышы мүмкүнбү?

— Мындай сөздөр биринчи эле күндөрү чыкты. Эң негизгиси Кыргызстандын ичинен эмес, сырттан чыгып баштады. Биз эс-учубузду жоготуп, өзүбүзгө келгиче, ал учак кайдан, эмне менен, кайда учуп бараткан, эмне болушу мүмкүн деген маселелер биринчи кезекте сырттан талкуулана баштаган. Андан кийин гана бизде божомол сөздөр пайда болду. Мен андай болушу мүмкүн эмес деп айта албайм. Андай болушу жүз пайыз мүмкүн. Себеп, бүгүнкү күндө бажы кызматы, күч органдары, чек ара кызматынын баары жашыруун иштеп жатат. Бул маселени тактап коюш эч кандай кыйынчылыкка турбайт. Парламенттик комиссиянын түзүлгөнү туура болду. Гонконгго барып “Жүктүн ээси ким, кай жакка барышы керек эле?” деп сурай койсо баары ачыкка чыгат. Биз депутат кезибизде 2000-жылдарда эле Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода алмашуу маселелеринде жыл сайын чуу салчубуз. Кытай тарабынан алган маалыматты караган болсок, соода алмашуубуз 500 млн доллар болгон болсо, биз тарап 50 млн доллар деп көрсөтүп койгон. Ушундай болуп 10 эсе кыскартылып коёт. Эмне үчүн ушундай болуп көрсөтүлгөнү белгилүү. Кытай Эл Республикасында тартип аябай күчтүү болгондуктан, алар болгонун болгондой көрсөтөт. Бул чырды көбөйтүүнүн зарылдыгы деле жок. Депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин заматта эле жүк чыккан жерине барып, ошол жерден тактап, иликтеп, изилдеп келсе болмок. Бүгүнкү күндө олтуруп алып эле “болушу мүмкүн, андай болбойт” деп айтып олтуруш мага кадыр-барк алып келбейт. Божомолдоп айтып калган болосуң. Бирок, буга окшогон ондогон жүктөр жашыруун түрдө Кыргызстанга келип-кетет дегенден менин күмөнүм жок.

— Учакта уюлдук телефондон сырткары кадыр-барктүү адамдын үй эмеректери да бар экен деген сөздөр айтылып жатпайбы?

— Кыргызстан өзү контрабандага аябай маш, адистештирилген. ЕАЭС уюмуна мүчө болуп киргенден кийин деле бизге ишеним көрсөтпөй жатканы ошондон. Туруктуу саясат жүргүзбөгөн өлкө болуп калдык.

— Мамлекетпи же жетекчилерби?

— Азыр баары эле бир болуп калды. Себеп, жетекчиңе жараша элиң, элиңе жараша жетекчиң болот да. Жетекчилик эмне менен алек болуп жаткан болсо, эл ошол нерсе менен алектенет. Айылыңдагы азаматың деле бир нерсени жула качсам деген менен алек болсо, Ак үйдө олтурганың деле ошол менен алек болот. Бүгүнкү күндө мамлекеттик бийлик мойнуна артылган жүктөрүн көтөрө албай калган деңгээлге жетип калды. Эмне үчүн көтөрө албай калды?- дегендин эки себеби бар. Биринчиден, кандайдыр бир жеке кызыкчылыктарга кызмат өтөй турган кызматка айланып калды. Экинчиден, болуп көрбөгөндөй сабатсыздыкка келип кептелди. Өкмөттү, парламентти, жергиликтүү бийликти караба, муңкураган сабатсыздыкка келип калды. Жалпы алып караганда бул улуттун жакырланышына алып келди. Шорпо кайнап жатканда көбүрүп чыккандай көбүктөр кыргыздын элитасы болуп эсептелип жатат. Тилекке каршы, бул өтө кооптуу жана коркунучтуу көрүнүш.

— Адам өмүрүн алган кырсык болгондо Чолпон Жакупова “Мен ушундай кыйын кезде президенттин элине күйгөн көз жашын көргүм келген. Тилекке каршы көрө алган жокмун” деп президенттин кырсык болгон жерге басып барбай койгону боюнча өз сөзүн айтты. Башка өлкөлөрдө кичинекей кырсык боло турган болсо президенти сөзсүз ал жерге барат. Бизде деле Аскар Акаев суу алган же жер көчкү болгон жерге барган, Курманбек Бакиев дагы кырсык болгон жерге барчу. Бүгүнкү президенттин кырсык болгон жерге барбай койгонун кандай кабыл алдыңыз?

— Мен ал киши үчүн жооп бере албайм. Эмне үчүн барбаганына өзү жооп берсин. Негизи башка жамандык түшүп турган кезде мамлекет жетекчиси болгондон кийин сөзсүз түрдө барышы керек. Журт атасы болуу сыймык эле эмес, жоопкерчилик дагы. Ыйлап-сыктап турган элге барып, керек болсо ошол жерге чатыр тигип, Өкмөттүн жыйынын өткөрүшү керек. КТРын койсоң эле, күндө президент башка өлкөлөргө көңүл айтты дегенин угасың. Керекпи ошол, сени тааныйбы, ошол өлкө жетекчилери? Алар ошого муктажбы? Аларга көңүл айткандан көрө 30 чакырым турган жерге, өз элиңе бар да, ар бир үйгө кирип чык. Барганыңдан жоготкону табылып кетпейт. Бирок, өзүңдүн абийириң, жүзүң таза болот. Өзүң эл менен бирге экениңди, кайгысын тең бөлүшкөнүңдү көрсөтөсүң.

— Жетим калган баланын башынан сылап койсо эле канча дем-күч болот эле да.

— Баракелде, мына ошондуктан ал жактан-бул жактан таап келип жатам деген акчаларынан ошолорго көмөк көрсөтүш керек. Кыштын чилдесинде окуя болуп жатат. бузулган үйлөрдүн тагдыры кандай болот? Аларга канча мөөнөттө турак-жай курулуп берилет? Курулса кайсыл жерге курулат? Россиянын президенти миңдеген үйлөр урап, миңдеген үйлөр жарактан чыгып кеткенде, ошол жерге барып, басып жүрүп 1-сентябрга чейин үйлөр курулуп бүтүшү керек деп конкреттүү мөөнөтүн коюп жатат. Миңдеген үй тууралуу тапшырма берип жүрөт. Бизде жыйырма чакты үй. Өкмөттөн 70 миң сом акча бөлдүк дейт. Бүгүнкү күндө 70 миң сом деген эмне? Башкасын айтпай эле коёюн, күйүп кеткен сырткы кийимдерине жетеби?

— Сиз Абсамат Масалиев менен чогуу жүрүп, көп нерсени үйрөндүңүз. Ал киши менен пикирлеш болуп калдыңыз. Абсамат Масалиев Аксы окуясы болгон кезде 70 жаштан өтүп калганына карабай Аксыга сиздер менен чогуу барып, каза болгондордун үйүнө кирип, куран окуп чыкканы эсимде.

— Ошондогу окуя ушул күндөгүдөй дагы деле көз алдымда турат. Биз кечинде Аксыга жеттик. Жаан болуп көрбөгөндөй жаап турган.

— Абсамат Масалиев барбай койсо болот беле?

— Абсамат Масалиевич ал жерге барууга милдеттүү, мажбур да эмес эле. Ошол жерде кан төгүлүп, элдин көзүндөгү жашы кургабастан, жаан менен бирге төгүлүп жаткан мезгилде Абсамат Масалиевич баш болуп бул жакта тымпыйып олтуруп алганыбыз эч кимге жарашмак эмес. Абсамат Масалиевич, Исмаил Исакович баштаган депутаттар жаан төгүп жаткан учурда колубузга чырак кармап, ар бир үйгө кирип, чырак менен куран окуп, колубуздан келген жардамыбызды берип, кайгырып турган элге демине-дем кошуп кеткен күн көз алдыма келди. Мындан сырткары Өзгөн районундагы Сөгөт деген айылда 38 үй көчкүнүн астында калып кеткен. Аскар Акаевич көчкүнүн астында калып кеткен элге төрт сааттын ичинде жетип барган. Ошол жерге барып, маселени кабыргасынан коюп, биздин Куршаб деген айылга көчүрүп, ошол жерден жер тилкесин белгилеп, баардыгына окшош үйлөр курулуп, узартылган мөөнөттө 250 миң сомдон ссуда берилген.

— Ошол кезде сиздин атаңыз да өзүнө таандык болгон үлүш жерди жабыркагандарга берип жибергенби?

— Атам “Эл какшап турганда Жараткандын ыраазычылыгы үчүн ушул жерди берели” деп үлүшкө берилген сугат жерди берип жиберген. Ошол мезгилде атам Алланын ыраазычылыгы үчүн улуу иш жасаган. 38 үй бир заматта курулуп, азыр өзүнчө шаарча болуп жашап жатышат. Аскар Акаевич деле ошондо шашпай эле барса болмок. Же болбосо ушул жерден эле “Үй куруп беребиз, баары үйлүү болот” деп коюп, үйлөрдүн ачылышына лентасын кескени барса деле болмок. Төрт саатта жетип барганы адамдын адамгерчилиги. 2008-жылы январда Кара-Суу районунда катуу жер титиреп, эки айыл жабыркады. Биз Чолпон Турсуновна (Баекова) экөөбүз түшкө чейин жетип барганбыз. Мен парламенттин төрагасы, ал киши орун басарым эле. Ошол жерде чатырдын ичинде олтуруп алып жыйын өткөргөнбүз. Андан кийин Нура айылында каргашалуу окуя болду. Ал жерде дээрлик бүтүн үй калган жок. Окуя тууралуу көпчүлүк жетекчилер уга элек кезде, президент Бакиев ошол жерге жетип барып, жыйын өткөрүп жатканын жетекчилердин көбү теледен көрүп калган. Жанында турган жерге учактын кереги жок, машинасына олтурса 20 мүнөткө жетпей бара турган жерге барып “Учак кайда түштү? Кандай болду?” деп сурап койбогонуна жеке эле мен эмес, 6 млн элдин баары эле түшүнбөсө керек.

— Сиз Түрк Кеңешинде иштеп, түрктөрдүн мыйзамы, ал жактын ички саясаты менен таанышып калдыңыз. Эгер жүктүн ээси түрктөр болгондо ушул кезге чейин бул компаниянын жүгү болчу деп жарыяламак беле?

— Бул кырсыктын чыгымы эл аралык мыйзамдар менен каралат. Алар жүк камсыздандырылган деп айтып жатпайбы. Эгер жүк камсыздандырылган болсо, учак дагы камсыздандырылган болот. Алар эч нерсе жоготпойт. Камсыздандырылганда канча сумма көрсөтүлсө, камсыздандырган компания толугу менен төлөп берет. Бир гана жагы кыргыз бөксөргөн жагын эч качан толтура албайт. Бир үй-бүлөдө толугу менен балдар кетип баратат. Бир айдан кийин жарыкка келе турган кыз жарык дүйнөнү көрбөй туруп энесинин курсагында кетип жатат. Аны да энесинин курсагынан алып, ысым коюп, мусулманча энесинин жанына койду. Муну бир дагы камсыздандыруу компаниясы камсыздап бере албайт. Атасынын, энесинин, баласынын, кызынын, небересинин ордун ким толтуруп берет? Жүк чын эле түрктөрдүкү болгондо алар ээсин атамак. Экинчиден, Кыргызстанга кандайдыр бир доо-арызы болсо жарыяламак. Кырсыктын эртеси Эл аралык авиация комиссиясы учуп келди. Ошонун жыйынтыгын күтүшүбүз керек. Эмне үчүн ар кандай маалыматтар чыгып кетип жатат? Бизде биринчи туура эмес маалыматты жарыялап жиберип, андан кийин кайра тактап айтканча элдин ишеними кетет. Бул көнүмүш адат болуп калды.

— Жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өтүп, кээ бир жерлерде бийликте турган КСДП партиясы көпчүлүк коалицияга кирбей калып, сот, прокуратураны аралаштырып жатат. Бул мыйзамсыздыктын жеткен чеги деп кабыл алыш керекпи?

— Бул өтө ыплас көрүнүш. Бишкектеги шайлоо кандай өткөнүн көрдүңөр. Бул алсыздык. Кээ бир жеңиштер жеңилгенден да жаман болот. Бишкектеги жеңиш жеңилүүнүн дагы эң төмөнкү формасында карасак болот. Жалал-Абад, Өзгөн шаарындагы көрүнүш дагы ушундай. Өзгөн шаарында дагы КСДП эч нерсеге жетише албай олтурат. Жалал-Абад шаарында дагы сыртта калып иштетпей жатышат. Эгер күчтүү болсо оппозиция дагы болуп көрбөйбү. Өзүм билемдикке сала берген да акыры бир күн сынат. Өтө катуу ийилип баратат, сынып калыштан Кудай сактасын. Өзгөн шаарындагы депутаттар дагы аябай чечкиндүү туруп, “Керек болсо жаңы шайлоо өтсүн, КСДП менен иштешпейбиз” дешип жатат. Бул позиция. Жалал-Абадда дагы КСДП жок коалиция курабыз дешүүдө. Ага болбой ар кандай күчтөргө салып, коркутуп-үркүтүү боло берсе, аягы жакшылыкка алып барбайт. Ыраматылык Сатыбалды Жээнбековдун “Мышыкты бурчка такап алып шыпыргы менен уруп ойной берсең, бир күнү жолборстой болуп бетиңе асылат” деген сөзү бар эле. Ошого жеткирбесе экен деген ойду айткым келет.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: