Menu

Сабырбек Жумабеков, профессор, ортопед: «Америкадан окуп келген профессор “Мен мындайды уга, көрө элек элем, силер бул эмгекти Гиннеске киргизип койбойсуңарбы?” деген сунушун айтты

Бөлүшүү:

 Сабырбек Артистбекович, чет өлкөдөн жакшы жаңылык менен келиптирсиз, куттуктайбыз. Негизи сиздерди кимдер чакырды?

— Чоң рахмат. Бизге атайын Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу атайын маалымат кагаздары келди. «Кувейтте атайын Эл аралык ойлоп тапкычтардын Эл аралык сынак көргөзмөсү болот, катышып көргүлө»-дешти. Биз интернеттен алардын сайты аркылуу түз эле сүйлөшүп, өзүмдүн окуучуларым менен бирге ойлоп тапкан 86 жаңы патенттерди жөнөттүк. Алардын арасынан 5 патентти тандап алышыптыр. Тандап алгандан кийин бизге келгиле деген чакыруу кагазы келди. Биз жөнөп калдык. Чакырган тарап барган-келген билетибизди төлөп берип, жатакана, тамак-аш менен камсыз кылышты.

— Сиздерди кимдер тосуп алды?

— Биздин Кувейттеги элчиликтин өкүлдөрү тосуп алышты. Кувейтте атайын илимий клуб деген бар экен. Ошол клуб Кувейттин эмиринин астында жайгашыптыр. Сынак көргөзмө да ал кишинин көзөмөлүнүн астында өткөнүн айтышты. Эмир мындай ишти өзү уюштуруп турат экен. Биз барганда биздин элчиликтегилер “мындай иш чара болоорун эскертип кагаздарды Тышкы иштер министрлигине жөнөткөнбүз”-деп айтып калышты. Тышкы иштер министрлиги көп министрликтерге таратат. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу бизге жеткен чакыруунун негизинде ушул иш болду десек жаңылышпайм. Мындай чакыруу баардык министрликтерге келген. Биз барганда дүйнөдөн 2000ге жакын катышууга арыз түшүптүр. Алардын ичинен 180 эмгекти 38 мамлекеттин ичинен тандап алышыптыр. 180 иштин бешөө биздин эмгектер болду.

— Кандай эмгектер?

— Биринчиси сөөктөрдү узартуу боюнча. 31 сантиметр сөөгү узартылган бейтаптын сүрөтүн кошо жөнөткөнбүз. Ошону көрүп алып булар сөөктү узартса болобу деп таң болуп жатышат. Кыйшык сөөктөрдү түздөө боюнча өзүбүз жасаган атайын техникалык аппараттарыбыз бар. Жаш балдардын төш омурткасы ичке кирип кетип, көкүрөктү кысып, балдар дем ала албай кыйналат. Ошол сөөктү кабыргасы менен кошо көтөрүп, темир менен карматып коёбуз. Бул аппараттардын баарын Турциянын “Типсан” заводуна буйрутма берип чыгартабыз. Ал эми төртүнчү эмгегибиз болсо жаш балдар төрөлгөндө сан, кашка жилиги жамбашынан чыгып кетет эмеспи. Ошону ордуна салып операциясыз жол менен кармап туруу үчүн атайын аппарат бар. Бул Жумабековдуку деп аталат. Ошол аппаратыбызды патент түрүндө бердик. Мындан сырткары омурткаларды кыйшайганда түзөтүү аппаратыбызды ала келгиле деп чакырды. Биз алып бардык, жайгаштырды. 16–19-январга чейин көргөзмө сынак болду. Элдер келип көрүп жатышты. 180 эмгектин 10%ы медицина тармагына арналыптыр. Ортопедия жана хирургия тармагы боюнча келиптир. Жыйынтыгында биз экинчи орунду алдык. Биздин 5 илимий ойлоп тапкан ишибиз жакшы бааланды. Бул жасалган илимий ачылыштарыбызды алды жыйырма жылдан бери жасап келе жатабыз. 20 жылдан бери патент колубузда бар. Ошол менен 300гө жакын адамдарга операция жасадык. 31 сантиметр боюн өстүргөн эмгекти көрүп алып Америкадан окуп келген профессор “Мен мындайды уга, көрө элек элем, силер бул эмгекти Гиннеске киргизип койбойсуңарбы?” деген сунушун айтты. Сунушун албетте кабыл алдык, бирок Гиннеске киргизели деген максатыбыз деле жок болчу. Буту тескери караган Теңизбекке операция жасаганыбызга он жылдан ашып баратат муну деле киргизсек болмок. Ойлондуруп койду, эми бул теманын үстүндө иштейбиз. Бул техонологиянын жардамы менен он миңдей адам операция болду. 30 илимдин талапкери, 6 илимдин доктору чыкты. Бул Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес деп ойлойм. Албетте патентти алып койгонбуз. Бир гана Кыргызстандан эмес башка мамлекеттерден дагы патенттерди алганбыз. Бул илимий макала жөнүндө башка тилдерге которулуп, Эл аралык гезит журналдарга чагылдырылган. Эң негизгиси Кыргызстанда гана эмес, башка мамлекеттерде дагы биздин патенттин негизинде операциялар жасалып жатат. Биз аларды киргизгенбиз. Албетте, бул азыр балким Кыргызстанга жаңылык болуп жатат. Бул ортопеддердин арасында көптөн бери жасалып келе жаткан иш, жаңылык деле эмес. Биз даңазалап айткан эмеспиз. Кыргызпатентте иштегендер деле билет. Биз бул ишибиз менен арап дүйнөсүнө барып эмгегибизди тааныштырып келдик.

— Сиздерди эмнеге чакырып калды деп ойлойсуз?

— Биз атайын сүрөттөрдү жибергенде жакшы жактарын байкап калышса керек. Ошол жерде уюштуруу иштерин жасап жүргөн адамдар туугандарын, досторун, балдарын алып келип көрсөтүп жатышты. Ал жерде да жөн турбай 5 күн эки тармакта иштөөгө туура келди. Оорулууларга кеңеш берип жаттым. Америкада, Европада операция болгондор бар экен. Кичине туура эмес жасалган, көбүнө кайра жасаш керек. Алардын көбү Кыргызстанга келип операция жасатабыз деп жатышат. Мен ушул жетишкендиктерибиз үчүн өзүбүздүн жамаатка абдан ыраазы болуп жатам. Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап келдик. Бул да болсо жалгыз менин эмес, биздин жамааттын, кыргыз элинин ийгилиги деп эсептейм.

— Падышанын өзү менен жолуктуңузбу?

— Жок, арап падышасы менен жолуга албадым. Бирок небереси, министрлер келип катышып жатышты. Кувейт, Катар, Сауд Аравия, Эмират, Бахрейн мамлекеттеринен куралган биздин бажы биримдиги сыяктуу биримдиктин башкы катчысы өзү келип катышып, иш чараны ачкандан кийин биздин столго келип мени менен он минут сүйлөшүп, биздин жасаган эмгектерибизди көрүп, таң калып ыраазы болуп кетти.

— Ушундай учурларда сиздей күчтүү доктурларды чоң суммадагы акча төлөп беребиз, бизге келип иште деген сунуштарды сөзсүз айтышаарын билебиз. Балким сизге да арап жергесинде калуу сунушун айтышкандыр?

— Ооба, сунуш айтышты. Алардын сунушу бизге келип операция жасап кетсең болобу дешти, болот дедим. Азыр дипломдорубузду жөнөтөбүз, алар өздөрүнүн процедуралары боюнча бекиткенден кийин ал жактан барып операция жасап келсем болот. Бирок мен эч качан биротоло Кыргызстандан кетүү планымда жок. Андай чакыруулар абдан көп болгон, дайыма эле болуп турат.

— КМШ мамлекеттеринин ичинен жалгыз сизге ушундай көргөзмөгө баруу бактысы буйруптур. Мунун сыры эмнеде деп ойлойсуз?

— Мунун сыры деле жок. Чакырганда маалыматты жалпы эле берди. Биз конкурска катышып биринчи турдан утуп алдык. Ошону уткандан кийин гана Кувейтке чакыруу кагаздары келди. Биздин жасаган операцияларыбыздын сүрөттөрүн, эмгектердин санын көрүп сыйлыкка татыктуу деп табышты окшойт. Мисалы, ал көргөзмөдө биз гана беш медаль алдык. Калгандары бирден эле иш алып барып бир гана медаль алышты. Иштерибиз Кудайга шүгүр жакшы. Биздин эмгектерге жүздөгөн мамлекеттерге барбайлы баарында жогору баа беришкен. Илимий эмгектерибиз, операциялар дүйнөлүк деңгээлде жасалат.

— Иш чарада сизди элчиликтин адамдары коштоп жүрүштүбү?

— Кувейттеги биздин Элчи Жусупбек Шариповичке терең ыраазычылык билдиргим келет. Ал киши көргөзмөдө башынан аягына чейин жаныбызда турду. Мени өзү тосуп алып, элчиликтин балдары кыргыз тилинен арап тилине которуп берип жатышты. Аларга дагы чоң ырахмат. Жусупбек Шариповичти баардыгы таанышат экен, майрамдык салтанатта дагы жаныбызда болду. Президентибизди да таанышаарын айтышты. Ошондуктан көргөзмөгө катышуу абдан жеңил болду.

 Жакында эле сиздерге 500 000 сомдук атайын техникаларды белек кылышыптыр. Ушул туурасында айта кетсеңиз?

— Аль-Салам аттуу Кыргызстанда атайын Кувейттеги коомчулук тарабынан каржыланчу атайын уюм бар экен. Анын ичинде мамлекетте иштеген жарандар дагы өздөрүнүн чөнтөгүнөн акча беришет. Алар Кыргызстанга 14кө жакын ФАПтарды салышыптыр, кайрымдуулук катарында эле жардам беришээрин уктук. Биздин ооруканага дагы 500 000 сомдук атайын ар кандай аппараттарды алып келип беришти. Мен ал коом менен дагы Кувейттен жолуктум. Алардын төрагасы мени чакырып коноктоду. Алар элчилик аркылуу биздин мамлекет менен иштешет экен. Бул жерде биздин элчиликтин жасап жаткан эмгеги абдан көп. Аль-Саламдын Кыргызстанга келип жакшы нерселерди жасап жатканы элчиликтин, элчинин эмгеги десек туура болот. Ал киши жолугуп, иштешип багыт берип көрсөтүп турат экен. Элчи Жусупбек Шариповичтин жасап жаткан эмгегине абдан ыраазы болуп келдим.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: