Menu

Дүйшөн Зилалиевдин шишиги жарылат

Бөлүшүү:

Кыргыз өлкөсүнүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөн Зилалиев чукул арада болуп көрбөгөндөй өзгөрүп, төрө пейил күтүп, курсак сылаган чиновникке айланды. Бул киши Акаев менен Бакиев сымалында жогорку кызматка кантип кандай жолдор аркылуу келип калганын деле түзүк билбейт. Атүгүл жетекчи болуп келген имараттын кайда жайгашканын дагы «билчү эмесмин» деп боорду эзген жайы бар. Бирок «Жамандын бир өнө­рү артык» дегендей, көзү жок ки­шиге «суу куймай» жагы бар экен. Маселен, жакында эле ЖК депу­таты Кожобек Рыспаевди жамандап, шыбап, анан көзүн көргөндө жойпуланып калганы кызык жагдайды жаратты. Анысы билинип калса, Зилалиевдин шишиги бир күнү жарылат го.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: