Menu

“Кыргызстан” фракциясынын абалы чатак, лидери Алмазбек Батырбековду эч ким укпай, көлөкө катары көрүп калышты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын абалы чатак. Бул жагдай “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Данияр Төлөновду вице-спикер кылып шайлоодо ачык көрүн­дү. Фракция ичинде ырк кетип, фракция лидери Алмазбек Батырбековду эч ким укпай, көлөкө катары көрүп калышты.

Канат Исаев баштаган топ өзүнчө, Азис Турсунбаев баштаган топ өзүнчө, Шаршенбек Абдыкеримовдун ыркынан чыкпаган Батырбеков баштаган топ өзүнчө болуп, 5-чакырылыштагы “Республика” партиясынын кейпин кийди. Учурда фракция лидери Алмаз мырзаны эч ким тоготпой, “бери карап күлүп, ары карап ыйлап” дегендей абалда. Мындай кыйчалыш жагдай Азис мырзадан вице-спикерликти кызганып, аты-жыты белгисиз Данияр Төлөновго Шакинин жан тартышы менен курчуп кетиптир. Сыягы кийинки шайлоодо “Кыргызстан” чачырап КСДПнын курамына кирет деген сөздөр чындыкка айланчудай…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: