Menu

Ахматбек Келдибеков: “Мен түрмөдөн Сталиндин, Ли Куан Юнун, Нельсон Манделанын өмүр баяндарын окуп, адилеттүүлүктүн терең маанисин түшүндүм”

Бөлүшүү:

Буга чейин Ахмат мырза боюнча гезитибизге курч макалалар чыгып, катуу сындап келгенбиз. Бирок, пейили кенен адамга айла жок, мени офисине чакырды. Экөөбүз жакшы маанайда көрүшүп, жылуу баарлаштык. Менин бир байкаганым ушул болду. Маектешим мурдагы 4-5 жылга караганда кадимкидей өскөнү көрүндү, саясатчы катары тажрыйбалуу мүнөзгө ээ болуптур. Баштагыдай ороңдобой, салмактуу, кадимкидей нарктуу болуп, терең ой жүгүртүп калганы байкалды… 

— Ахмат Келдибекович, интернет булактарда жазылууда, сиз түштүктүн таасирдүү адамдарын чогултуп, штаб түзүп жатканыңыз боюнча маалымат чыкты. Бирок, Улукбек Ормонов, Таштемир Айтбаев “жок, андай штаб түзүлө элек” дешет. Ушул боюнча сиздин өзүңүздүн сөзүңүздү угалы дедик эле?..

— Биринчиден, “мен, Камчыбек Кыдыршаевич, Адахан Кимсанбаевич үчөөбүз бириктик” деп расмий түрдө айттык да. Ошол күндөн тартып эле үчөөбүздү кантип ажыратып, кантип бөлүш керек экени боюнча саясат башталды. Басма сөздөн, интернет сайттардан деле түшпөйт. Ошонун экинчи сериясы катары “штаб түздү” деп чыгарышты. Айрым журналисттердин ушагы… Биздин бириккенибиздин эң негизги себеби, баардыгыбыздын башыбыздан ар кандай нерселер өттү, саясый турмушта өйдөсүн дагы көрдүк, ылдыйын дагы көрдүк дегендей. Үчөөбүздүн жүрөгүбүз, ой-пикирибиз бириккенден кийин биз бири-бирибизге ишенебиз. Биз үчөөбүз акылдашып, кимибиз президенттикке барабыз, кимибиз кайсы топтор менен сүйлөшөбүз, муну учуру келгенде айтабыз да. Ошол сөз сөз бойдон турат. Бул биздин чечим, аны эч ким буза албайт.

Экинчиден, мына өзүңүз деле келдиңиз мен отурган жерге, штаб деген эч нерсе байкалбайбы? Жөнөкөй эле күнүмдүк турмуш өтүп атат. Канчалык аракет кылышпасын, биз бири-бирибизге ишенебиз, бири-бирибизге эч качан жамандык ойлобойбуз. Ошон үчүн жогорудагы сөздөрдүн баары жалган нерсе. Учуру келет, бул дагы айтылат.

— “Үч лидердин ортосунда ыйкы-тыйкылык башталып, экөө Адахан Мудамаровду алдап кетишиптир” деген дагы сөздөр тарады…

— Биз Адахан Кимсанбаевичти алдагандай ал жаш бала эмес да. Биз бириккенде “келечекте саясатта чогуу болуп, саясатты чогуу алпарабыз” деген максат менен бириккенбиз. Кимибиз президенттикке барабыз, кандай болуп барабыз, анын баардыгын биз башында эле пресс-конференция бергенде айтканбыз. Учуру келет, айтылат да. “Бирөөбүз барабыз, артында биз турабыз” деген шарт менен бириккен эмеспиз.

— Коомчулукта үчөөңүздөр тең түштүктөн чыккан лидер катары сыпатталып, “булар регионалдык бир кызыкчылык менен чыгышууда” деген сөздөр да жок эмес. Ошондуктан, тең салмактуулук үчүн түндүктөн да үч лидерди кошуп чыксаңар болбойт беле? 

— Эми биздин региондорубуз: түндүгүбүз деле, түштүгүбүз деле, батыш, чыгышыбыз деле – Кыргызстан. Эл “түндүк-түштүк” деп бөлбөйт, муну саясатчылар эле бөлөт. Биз билдирүү менен чыгаардан мурда көп саясатчылар менен сүйлөшкөнбүз. Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облусунан сүйлөшкөн саясатчылар биздин идеябызды колдоп, “үчөөң билдирүү жасап алдыга чыккыла, калганы ошол курултай болгондо айтылат” дешкен. Бүгүн алардын аты-жөнүн айтканга эрте. Себеп дегенде, ар кандай провокациялар болушу мүмкүн. Биз көп нерселерди башыбызын өткөрүп, ушу провокация жагынан акылдуу болуп калбадыкпы.

— Ташиев ошондо “биздин үчилтикке кирүүгө нитеттенген адамдын саясый амбициясы болбошу керек” дегендей позицияны билдирди. Мунун артында эмне ой жатат?

— Эми Камчыбек Кыдыршаевичтин оюн дагы кээ бир журналисттер ар кандай жазып атышпайбы. Мисалы, бүгүн мен телефондон бирөөгө бир нерсе деп айтсам, алар каалаган сөзүн кошуп жазып коёт экен. Келечекте ким президент, ким премьер-министр, ким депутат болот, ушундай ой-пикирде айтылган нерсе. Анын баарын биз талкуулап, ошонун негизинде айтылган. Анын жаман ою жок.

— Бул жерде бөлүнүп-жарылуу жокпу? “Бизге келгендердин президенттик амбициясы болбошу керек” деп атпайбы…

— Эч кандай бөлүнүп-жарылуу жок. Себеби, биздин катарга кошулуп жаткан саясатчылар Талас, же Чүй облусунан болобу, биз үчөөбүз чогуу отуруп, ошол адамдар менен жолугушуп, кандай шартта биригерибизди ачык-айкын айтканбыз. Камчыбек Кыдыршаевичтин оюн ошо бизге бириккендер түшүнөт. Ал эми катышпагандар башкача түшүнүп атпайбы.

— “Мадумаровго караганда Келдибековдун шансы да, электораты да чоңураак” деген баалоолор болуп атат. Ошол эле учурда “айып төлөө жолу менен соттолгондор соттуулугу жоюлганга чейин билгилүү бир убакыт өтүш керек, эгер бул өнөктүккө Келдибиков да талапкер катары киришчү болсо, ал шайлоого катыша албайт” дешет…

— Эми мыйзамда баары так, даана жазылып турат. Ал эми шанс жагына келсек, Адахан Кисанбаевичтин өзүнүн электораты бар, Камчыбек Кыдыршаевичтин да өзүнүн чоң электораты, менин дагы өзүмө жетерлик электоратым бар. Президенттикти ар ким эле каалайт экен, бирок, Алла Таала буйрукту бирөөсүнө эле берет экен. Бул пешенеден. Мисалы, учурунда “баланча презедент болот” десе кээ бирөөлөр ишенчү эмес. Бул деген Алла Тааланын буйругу. Элдин дилине салып койсо ошол адамды колдойт. Ошон үчүн муну баардыгы убактысы келгенде, ошол учурда чечиле турган нерселер. Менин, же Камчыбек Кыдыршаевичтин, же Адахан Кимсанбаевичтин электораты көп катары айтуунун, ажырым жасоонун өзү туура эмес да.

— Азыркы учурда сиздердин биримдик бекем эле да?

— Аябай бекем. Болоттой бекем.

— Жазга жетпей калбайбы?

— Биз бириккенде чын дилибиз, жүрөгүбүз менен бириктик да. Ошон үчүн биз үчөөбүздүн ой-пикирибиз бир, үчөөбүз бири-бирибиздин ой-пикирибизди билип турабыз. Адахан Кимсанбаевичтин, Камчыбек Кыдыршаевичтин айтканы туура, мен чет өлкөдө жүрүп калбадымбы, “биз антип сүйлөшкөн эмеспиз, андай сөзгө жете элекпиз” дегени боюнча… Мен ошону дагы бир жолу кайталап койгум келет.

— “Буга чейин Акматбек Келдибековдун мүмкүнчүлүгү көп болгону үчүн бийлик атайын камаган, жанагындай каралоолорду уюштурган, аягында сындырганга аракет кылды эле, бирок, сынбай эле кайра чоң саясатка чыгып, Атамбаевге оппонент катары күрөшүн баштады” деп атышат. Сиз бул саясый күрөшкө Атамбаевге оппонент  катары чыктыңыз да?

— Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүп атат. Конституция боюнча президенттик мөөнөт бир гана жолу. Эмки талапкер КСДПдан чыгабы, же башкадан чыгабы, айтор, башкалар чечиш керек. Биздин саясый биригүүбүз, албетте, оппонет болот. Анан жанагы сиз айткандай, каралоо, алпарып камоо – бул ачыктан ачык эле билинип турат. Мен эки мисал менен айткым келет. Бүгүн салыктан, бажыканадан 10-15 миллиарддаган акчалар түшпөй калып жатпайбы планга. Мени камаганда “салык системасында июль айында июнга салыштырмалуу 2 млн. 300 миң сом аз түшүп калган” деп камаган. Жылдын жыйынтыгы боюнча салык 139 пайызга көбүрөөк топтолгон. Аны эч ким уурдаган эмес, эч ким чөнтөгүнө салып алган жок. “Пландан азыраак түшүп калды” деп салыштыруу бул экономиканын тилинде жок түшүнүк. Себеби, ар бир айдын өзүнүн белгилүү бир мүнөздөмөсү бар. Январь айындагы план октябрь айындагы планга караганда эки эсе азыраак. Себеби, каникул бар. Июнь-август – бул отпуске айлары, ал мезгилде план азыраак болот. Ошого карабастан, мени күнөөгө жыгышты. Экинчиси, алты жылдын ичинде Жогорку Кеңештин токтому менен бир канча министрликтер түзүлдү, кайра аларды жокко чыгарды. Мисалы, энергетика министрлиги түзүлдү, кийин керек эмес экен деп жокко чыгырды. Ошол сыңары эле биз 89 депутаттын кол көтөрүүсү менен Жогорку Кеңештин уюмун түздүк, кийин бир жылдан кийин кереги жок экен боюнча жокко чыгардык. Бирок, ошого карабастан, мени күнөөгө жыгып, камашты. Бийликтин “Эгемен” деген гезити кордогонго чейин жазышты. Мен аларды Кудайга койдум.

— Соттошпойсузбу?

— Соттошкондо пайдасыз. Себеби, сот карабайт экен. Ошол “Эгемен “ гезити “Келдибеков күнөөсүн мойнуна алып, 10 миллион сомду төктү” деп жазып атат. Мына, сиздин деле ошондой иш башыңыздан өтүп калбадыбы. Мага окшоп түрмөгө отуруп чыктыңыз… Сот мыйзамсыз чечим чыгарса деле аны аткарыш керек да. Аткарбай койсоң дагы күнөөлүү болосуң.

— Демек, бул сиздин күнөөңүздү моюнга алгандыгыңыз эмес, соттун чечимин сыйлагандыгыңыз?

— Ооба. Туура эмес болсо да мен соттун чечимин аткардым. Ал чечимди кайра сотко берүү, актоо – бул келечекте жасала турган нерсе.

— Ошол эле бийликтин маалымат каражаттары сизди “жегич, ууру, коррупциянын символу, пенсионерлердин ырыскысын тоноп кеткен” деп байма-бай жазышат. Сиз ошол айыптоолордун баарын башыңыздан өткөрүп, түрмөдө да отуруп келдиңиз. Байлык, акчадан да башка бир бийиктик ар экендигин түшүндүңүз окшойт да…

— Сиз экөөбүз көптөн бери таанышпыз, көрүп жүрөсүз, менин ашып-ташып кетип аткан деле дүнүйөм жок. Завод, фабрикам, соода точкаларым, базарым  деле жок. Бирок, Кудай берген мүлкүм, Кудай берген ырыскым бар. Мен сотто дагы айттым, бүгүн дагы айтып атам, “эгер ушу койгон күнөөлөрүңөрдөн бир тыйын мамлекеттен уурдаган болсом жоопкерчиликке тарткыла” дедим. Бирок, аны эч ким мойнума коё алган жок да. Бир тыйыны да далилденген жок. Соцфондун акчалары боюнча. Муну ошол мезгилдеги пенсия алган кары-картаңдардын баары билет. Кандай гана кыйынчылык болбосун, мен коллектив менен чогуу чечкем. Салык кызматында иштедим, өсүш гана бердим. Кризис болуп атса, салык системасы өзгөрүп, элүү пайыз салыктын түрү кыскарган күндө дагы, НДС 20 пайыздан 12 пайызга түшкөндө дагы мен өсүш бердим. Бул далил да. Жыйымдар мен иштеп турганда көтөрүлдү го? Ошол учурда пролеманы чечтик го? Бирок, ага карабайт экен да. Мен дагы бир жолу айтам, сот процессинде үч инстанцияда тең мага бир тыйын күнөөнү мойнума койгон жок эч ким. “Кызмат абалынан кыянат пайдаланыптыр” деген беренени гана колдонушту. Мага коюлган күнөөлөр боюнча ачык-айкын кагаздарды берсем да сот анып карап койгон жок. Бүгүн мен ошол соттордун көбүнөн сурайм, “эмнеге камадың?” десем, “билебиз, күнөөң жок, бирок, бизге ошондой тапшырма болгон” дешет. Баса, соттук документтердин ичинде прокуратуранын, УКМКнын мага карата “эч кандай күнөөсү жок” деген бир канча токтомдору бар…

— Саясатчы катары сизге эмне маанилүү: бийликке жетүүбү, байлык топтообу, же мамлекеттик ишмер катары өзүңүздүн атыңызды калтыруубу? Мындан кийинки аракеттериңиз кандай болот?

— Менин буга чейинки аракетимдин да, азыркы аракеттеримдин да баарынын максаты бир – эл, мамлекет үчүн кызмат кылуу. Кайсы деңгээлде – ал пешенеден. Депутат боломбу, жөнөкөй адис, бизнесмен, министр боломбу, мунун баарында менин максатым бир. Себеп дегенде, мен ошондой максат менен кызмат кылып келгем. Үч тармакта иштедим, үчөөндө тең ошол иштеген коллективден, мен жетишкен көрсөткүчтөрдөн, кагаздан карап туруп баа берсе болот. Мага каралоо болуп, ушунчалык кыйынчылыкты баштан өткөргөндөн кийинки менин баалуулугум – бул адамды сыйлоо деген баалуулук. Адамды ушак менен же башка менен каралап коюш, же жамандап коюш – бул ооздон чыккан жел экен. Бирок, ошол каралоо адамдын жүрөгүнө кандай тийет, тууган-уругуна кандай тийет, элге кандай тийет – бул өтө оор нерсе тура. Ошон үчүн мен өзүмө ушундай принципиалдуу нерсе кабыл алдым, саясаттагы күрөш болобу, турмушуңдагы күрөш болобу, адамдын личностун эч качан басынтпа. Ал чоң адам болобу, кичине адам болобу, бай же кедей болобу, анын адамдык баалуулугун сыйла. Мен үчүн ушул чоң сабак болду.

— Түрмөнүн таасири кандай болду сизге?

— Саясатчы, дос катары менин тегерегимде жүргөн адамдардын ким экенин мен билип алдым. Мен муну миң аракет кылып, эксперт жалдасам да билбейт элем.

— Жандүйнөңүздө да өзгөрүү болдубу?

— Тазалаануу болду. Ошол адамдардын мамилесин, башыңа оор иш түшкөндө адамдардын жүзү кандай өзгөрөрүн көрүп, “бир адамда жүз өң бар” дегенин эми түшүндүм.

— Сырттан байкаган кишилер “Келдибеков түрмөгө деле отурду, жамандыкты деле көрдү. Бирок, дагы эле бийликке жетем, президент болуу аракетин токтотпой жатат” дешет…

— Мен эмнеге токтотушум керек? Жашоо – бул күрөш. Сизди камакка отургузуп койгондон кийин “мен мындан кийин журналист болбойм” деген жоксуз да. Сиз андан да ачуу жаза баштадыңыз. Мен дагы ошондоймун. Бийликте болосуңбу, же сизге окшоп журналист болосуңбу, адилеттүүлүк, адилеттүү башкаруу керек экен. Адилеттүү камасаң, кызматка адилеттүү көтөрсөң, ошонун баарын эл көрөт да…

— Биз баарыбыз эле көрүп турабыз эми. Менин баамымда, сизди сындырып, саясаттан чыгарып, экинчи саясатка жологус кылып коюу боюнча сценарийлер түзүлгөн. Бирок, сиз чыйралып, андан бетер күчөп жатасыз. Мүмкүн, бул нерсе сизге пайда болгондур?

— Пайдасы деле бар. Себеби, бул аябай чоң чыңалуу. Экинчиден, мен дүйнө жүзүндөгү тарыхый инсандардын өмүр баяндарын түрмөдөн окуп чыктым. Мисалы, Сталиндин, Ли Куан Юнун, Нельсон Манделанын, Түштүк Кореянын үч жолу камалган президентинин өмүр баяндарын. Ошолордун баары түрмөгө түшкөндө кайра чыңалып, чыйралып, келечекте адилеттүүлүк, чындык үчүн күрөшүү үчүн чымырканышып, таза ой-пикирге жетишкен. Терең маңызын түшүндүм. Мунун баары мага сабак болду да.

— Менин жеке пикиримде, мамлекет башкара турган адам түрмөнү көрүп, анан келип президент болсо, адамдардын тагдырына кайдыгер болбойт эле…

— Мен сот процессинде отуруп (ал жерде соттор, прокурорлор да отурат да),  жөнөкөй гана инсандык пикиримди билдирдим. Мен айттым: “ар бир сотту, ар бир прокурорду кызматка дайындоонун алдында үч-төрт айдан түрмөгө отургузуш керек экен” деп. Көрүш керек экен да. Азыр оозун көптүрүп эле айтып атышпайбы. “Он жыл, жыйырма жыл” деп. Он жыл деген эмне, жыйырма жыл деген эмне? Ошондой жазаны бир күн болсо дагы ар бир адам өзүнүн ички дүйнөсүнөн өткөрүш керек экен да. А булар үчүн жөн гана цифрадай болуп жатат. Мага жамандык кылгандарга мен ошол мезгилде айтчу элем, “Кудайга койдум, жамандык каалабайм буларга” деп. Таба кылганым жок, тобо кылып атам, эч кимге жамандык болбосун, бирок, ошолордун сексен пайызы бүгүн мен көргөн жамандыкты башынан өткөзүп жатышат. Мен алардын тезирээк бошонуп, үй-бүлөсүнө келишин чын жүрөктөн каалайм.

— “Адилетсиздиктин айынын саясый курмандык болдум” деген маанайда айтып жатпайсызбы? Эртең кокус сиз бийликке келип калсаңыз, сизди негизсиз каралаган, камаган адамдарга жообуңуз кандай болуп калат? Өч аласызбы?

— Мен “Кудайга койдум” деп атпаймынбы! Кудай бар. Алла Таала ар биринин жазасын берет. Мен аларга жамандык каалабайм. Акыретте Алла Тааланын алдына барганда жооп берүүгө туура келет. Ошондо жооп берип алышсын. Бирок, ошолор кетирген кемчиликтерди кайталабаш үчүн, адилетсиздик болбогондой системаны түзүшүбүз керек. Кандай бийлик болбосун ал учуру келгенде кетет. Бирок, келечекте жөнөкөй адам болобу, кызматтагы адам болобу, адилетсиздикке дуушар болбогондой системаны түзүп коюш керек.

— Буга чейин Мадумаров президенттикке чыккан, жыдып калды. Ташиев да жыдып калган. А сиз чыга элексиз. Экөөнө салыштырганда сиз саясаттан көбүрөөк запкы тарттыңыз. Ташиев “дубалдан секире коём” деп ал өзүнө өзү кылды. Сиз болсоңуз мамлекеттик машина менен күрөштүңүз. Андыктан, президенттикке ат салышууга саясый жактан да, моралдык жактан да сиздин ыңгайыңыз көбүрөөк келип турат. Тиги экөө ушунуңузду баалап, сизге жол бошотушабы?

— Эми бул суроону менин досторума берип көрүш керек. Бирок, “жыдып калды” дегенге мен кошула албайм. Адам президент болуп төрөлбөйт, президент болуп калыптынат. Булар экөө тең шайлоого татыктуу катышты, электораты добушту беришти. Мен ойлойм, электорат мындан да көбүрөөк болушу керек эле. Бирок, ал кезде кырдаал башка эле, шайлоо системасы башка эле. Адахан Кимсанбаевич менен Камчыбек Кыдыршаевич дагы келечекте президент болгонго татыктуу инсандар. Камчыбек Кыдыршаевич дагы жетишээрлик жапа чекти. Адахан Кимсанбаевич 2010-жылы партиясы менен чындыгында шайлоодон өткөн. Аны тарых деле тастыктайт, өзүбүз деле көрүп турабыз. Бирок, бут тосуулардын, саясый оюндардын негизинде партия ошол мезгилде четтетилип калды. Бирок, Мадумаровдун эмгеги Текебаев, Атамбаев, Бекназаров сыяктуу эле, Акаевдин мезгилинен бери оппозиция болуп күрөшүп келатат. Муну биз эч качан эстен чыгарбашыбыз керек. Президенттикке талапкерди коёр мезгилде үчөөбүздүн ортобузда келишим болот. Мүмкүнчүлүгүбүзгө, шартыбызга, электоратыбызга карап чечим кабыл алабыз. Мен ойлойм, ар бирибиздин арабыз бирдей эле.

— Сиз дагы окусаңыз керек, “Келдибеков менен Ташиев Отунбаева менен тымызын  сүйлөшүп, “Мадумаровду өткөрбөйлү, түштүктүн электоратын биз кармап берибиз” дешиптир, Мадумаровду борттон алыс ыргытканга бул экөө салым кошкон”  деген маалымат чыкты эле…

— Бул жалган нерсе. Себеп дегенде Адахан Кимсанбаевич деле билет, партиянын укугу үчүн ошондо биз деле күрөшкөнбүз. Ырас, “Отунбаева менен сүйлөшүптүр” деп жалган сөздөрдү чыгарышкан. Ал жерге бир гана Камчыбек Кыдыршаевич эмес, шайлоодон өткөн ар бир партиянын лидерлери барган. Өткөөл мезгилдин президенти Отунбаева менен чогуу отуруп сүйлөшүшкөн. Бирок, “БШК өзү жооп берсин” деген чечимге келишкен. Аны бүгүнкү күндө БШКнын ошол кездеги төрагасы Акылбек Сариев деле айтып жүрбөйбү. “Бүтүн Кыргызстан өткөн” деген маалымат берди го. Россиядагы жана башка жерлердеги көп участоктордун жыйынтыгын жокко чыгарып, анан “өтпөй калды” деп коюшпадыбы. Себеби, ошондо “Бүтүн Кыргызстан” да өтүп, “Ата Журт” экөө бириккенде жок дегенде 30-40ка жакын мандат болмок. Бул чоң күчкө айланмак. Ошон үчүн бирөөнү өткөрбөй коюш керек болгон булар үчүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: