Menu

Кыргызстанда ВИЧ илдети боюнча кырдаал начарлоодо, 712 адам бул ооруну былтыр жуктурган

Бөлүшүү:

Өлкөдө ВИЧ боюнча абал начарлап, илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон сакталууда. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлчүлүгү билдирүүдө.

2017-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ инфекциясы менен 7 100 адам катталган, алардын ичинен 712и бул ооруну былтыр жуктурган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча аймактарда абал кескин начарлоодо.

«ВИЧ тармагында эпидемиологиялык абал курч жана илдеттин көбөйүү тобокелчилиги сакталууда. 2020-жылга карата оор дартты жугузган 20 миң адам катталып, алардын арасынан 8000 бейтап убагында дарыланбай, профилактикалык программалардын жетишсиздигинен улам көз жумушу мүмкүн», -деп айтылат БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматында.

Бул маселени талкуулоо үчүн 31-январда Бишкекте саламаттыкты сактоо министри, ИИМ башчысы, БУУнун Туруктуу өнүгүү программасынын өкүлү, омбудсмен, өкмөт аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын өтөт.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: