29-январда Акүйдүн өкүлү президент Дональд Трамптын жарлыгы менен киргизилген иммиграциялык чектөөлөр боюнча пикирин билдирип, жарлыкты жактап чыкты. Күн мурун федералдык судья визасы бар качкындарды жана башка юридикалык уруксатка ээ тараптарды Кошмо штаттардын аймагынан чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган.
Акүй аппараттынын башчысы Райнс Прибус NBC телеканалына берген маегинде 29-январда АКШ аэропортторунда миңдеген жүргүнчүлөр чектөө чараларын айыптап нааразылык акциясын өткөргөнүн четке какты. Ал ошондой эле өлкөгө 28-январда учуп келген 325 адамдын 109у текшерүү үчүн кармалганын билдирди.
28-январда Нью-Йорктогу аймактык судья Энн Доннели АКШнын визасына ээ, расмий качкын макамы жана АКШнын аймагында жүрүүгө уруксаты бар адамдарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салган токтом кабыл алган.
Дональд Трамп өлкөнү «чет өлкөлүк террорчулардан» коргой турганын убалалап, 27-январда жаңы иммиграциялык эрежелерди киргизген. Ага ылайык, Иран, Ирак, Сирия, Судан, Ливия, Йемен жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салынган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ