Menu

КР Жогорку соту Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун комитетине жооп берди

Бөлүшүү:

“Кыргызстан БУУнун Адам укуктары комитетинин Азимжан Аскаровдун ишин кайра карап чыгуу боюнча кайрылуусуна тиешелүү көңүл бурду. Териштирүү жараяны мыйзам эрежелерин сактоо менен жүргүзүлдү. Чечим чыгарууда Аскаровдун кесиптик ишмердигине жана улутуна байланыштуу кысым жасоо болгон жок”.

Мындай билдирүү бүгүн Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды. Ошондой эле аталган мекеме Аскаровдун иши саясатташып кеткени тууралуу пикирлерди четке какты.

“Аскаровдун ишин кароо ачык жүрдү. Отурумдарга укук коргоочулар, эл аралык байкоочулар, журналисттер, элчиликтердин өкүлдөрү катышты. Жактоочуларга кошумча күбөлөрдү алып келүү боюнча укуктарынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди”,- деп жазылат билдирүүдө.

2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып, бирок 24-январда Чүй облустук соту ошол эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Адвокаттар сот чечимин акыйкатсыздык деп атап, Жогорку сотко кайрыларын билдиришкен. Бул өкүмгө Аскаров өзү да нааразылык билдирип, түрмөдө ачкачылык жарыялаган.

Жогорку сот бүгункү билдирүүсүндө Аскаровдун жактоочулары апелляция жазууга акылуу экенин белгиледи.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: