Menu

КР ӨКМ: Авиакырсык болгон жерде издеп-куткаруу иштери өз убагында ыкчам жүргүзүлдү

Бөлүшүү:

“Манас” аэропортуна жанаша жайгашкан Дача СУУ айылына, 16-январь күнү эрте мененки саат 07.17.де “Боинг” учагы кулап жарылган.

КР ӨКМден биздин редакцияга төмөндөгүдөй мазмундагы кат келиптир:

Социалдык тармактарда авиакырсык болгон жерде “өрт өчүрүү бөлүктөрү кеч келди, куткаруучулар ал жерден издөө иштери менен алектенбестен, товар издеп жатышты, ӨКМ 3 сааттан кийин келди, 80 % өлүктү биз чыгардык” деген сөздөр чыгууда. КР ӨКМ бул маалыматтар боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.

2017-жылдын 16-январы күнү кырсык катталган жерде КР ӨКМ өрткө каршы-куткаруу кызматтарынан жалпы 300 куткаруучу тартылып издеп-куткаруу иштери өз убагында ыкчам жүргүзүлүп, ар тараптуу кечиктирилгис иш-чаралары уюштурулган.

Маселен, маалымат ӨКМге түшөөрү менен саат 07:29да Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин (ӨКМКБ) № 4- жана №8- өрткө каршы бөлүктөрүнөн бирден бөлүмчөлөрү, саат 07:41 Сокулук райондук ӨКМКБнүн №7- өрткө каршы бөлүгү,  07:42 Сокулук райондук ӨКМКБнүн №23 -аскерлештирилген өрткө каршы жана куткаруу бөлүгүнүн биринчи бөлүкчөлөрү чыгат.

Бишкек шаарынан биринчи чыккан өрт бөлүмдөн биринчи, тагыраак айтканда,  жакын жайгашкан Сокулук райондук ӨКМКБнүн №7- өрткө каршы бөлүгү(саат 07:41 чыккан) 08:05де жетип, дароо кырсык болгон жердин батыш тарабынан кирип, күйүп жаткан үйдүн өрттөнүү коркунучунан сактап калган жана кийинки өрттөнүп жаткан үйлөрдү өчүрүүгө киришкен. Кырсык болгон жерге кошумча күч каражаттары керек болгондугуна байланыштуу Агенттиктин Чүй облусу боюнча башка бөлүктөрү дагы жардамга тартылган. 09.54тө кырсык болгон жердеги өрт чектөөгө алынган. Бардыгы болуп, 15 өрт-куткаруу бөлүмү, 300 куткаруучу  тартылган.

Ал эми “Манас” аэропортунун өрткө каршы – куткаруу бөлүгүнүн 4 күжүрмөн эсеби саат 07:26да бөлүктөн чыгып, 07:30да жетип, өрт өчүрүү иштерин аткарууга киришкен.

Куткаруучулар ал жерде биринчиден, издеп –куткаруу иш-чараларын аткарышты. Экинчиден, учактын ичиндеги жүктү чогултуп, ИИМ кызматкерлерине тапшырышкан. Жалпысынан тартылган күч жана каражаттар: 1171 адам, 71 техника тартылган, анын ичинине КР ӨКМнен 300 куткаруучу жана 29 техника.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: