Menu

Дүйшөмбү-Худжанд жолу жарым-жартылай ачылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-январдан тарта кар көчкүдөн улам үч күндөн бери жабык турган Дүйшөмбү-Худжанд автожолу ачылды. Бирок азырынча бир тараптуу режимде гана иштеп жатат. Бир күнү Дүйшөмбүдөн, экинчи күнү Худжанддан чыккандар үчүн жол ачык болот.

Өзгөчө кырдаалдар комитети кабарлагандай, бүгүн Худжанд багыты боюнча трасса ачык. Транспорт министрлиги киргизген бул чектөө белгилүү бир убакытка чейин сакталат.

28-январдан тарта кар көчкүдөн улам Дүйшөмбү-Худжанд жолунун айрым бөлүктөрү жабылып, жүздөгөн жүргүнчү, 150дөй жеңил жана оор жүк ташуучу транспорт туткунда калган. Расмий маалыматтар боюнча көчкүнүн алдында калып алты киши мерт кетти, дагы үч адам табыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: