Menu

Пакистанда Мумбайдагы терактка шектелген адам камалды

Бөлүшүү:

Пакистан бийлиги 2008-жылы 166 адамдын өмүрүн алган Мумбайдагы террордук кол салууга шектелген адам үй камагына алынганын билдирди.

Хафиз Саидди камакка алуу чечими 30-январда, АКШ менен Индиянын көп жылдык басымынан кийин кабыл алынды. Бул Исламабад менен Саиддин эркиндикте жүргөндүгүнө нааразылыгын билдирип келген Нью-Делинин ортосундагы чыңалган абалды өзгөртүшү мүмкүн.

Лахордогу дин кызматчысы Хафиз Саид мындай буйрук Вашингтондон келгенин билдирип, айыптоолорго каршы сот аркылуу күрөшө турганын убадалады.

Кошмо Штаттар популярдуу мусулман кайрымдуулук уюму эсептелген «Жамаат-уд-Даванын» лидери Саиддин башы үчүн 10 миллион доллар өлчөмүндө сыйлык убадалаган. Вашингтон анын уюмун «Лашкар-и-Тайба» күжүрмөн тобунун калканчы деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: