Menu

Кыргыз окумуштуусу Назаркул Ишекеев казак университетинин Ардактуу профессору болду

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Окумуштуулар кеңешинин 2016-жылдын 29-декабрындагы №3 чечимине ылайык, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеевге аталган университеттин Ардактуу профессору наамы берилди.

Назаркул Ишекеев окумуштуу катары кыргыз адабиятын окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы адистиги боюнча 6 илимдин докторун 20дан ашык илимдин кандидатын даярдаган. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Алардын катарында орто мектептер жана ЖОЖдор үчүн окуу-методикалык куралдары бар.

Ал эми Казакстандагы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетиндеги диссертациялык кеңеште 1996-жылдан 2010-жылга чейин мүчө болуп иштеген. Ошол мезгилде окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы боюнча 3 докторлук 15тен ашык кандидаттык диссертацияга расмий биринчи оппонент болгон.

Ошондой эле, республикалык жана Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга жигердүү катышуу менен окуу-методикалык комплекстерге пикирин жазып келет.

Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык  университетинде окутуунун жана тарбиялоонун методикасы боюнча лекцияларды окуп, бай тарыхы бар аталган окуу жайы менен илимий, чыгармачылык байланышын ийгиликтүү улантып келе жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: