Menu

Жарандык коомдун өкүлдөрү Бакыт Төрөбаевдин демилгесин колдошту

Бөлүшүү:

“Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өз маалымат жыйынында президент, өкмөт, бардык саясий лидерлер жана бейөкмөт уюмдарга алдыдагы президенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү максатында «Таза жана акыйкат шайлоо – 2017» Коомдук-саясий күчтөрдүн Бирикмесин түзүү демилгеси менен кайрылган. Бул боюнча адистердин пикирин угууну чечтик.

Кадыр Кошалиев, “Таза коом” элдик партиясынын теңтөрагасы: 

– Кыргызстанда таза шайлоо боло элек. Ошондуктан, БШКнын толук курамын Курултай бекитиш керек жана бийлик бутактарына эмес, БШК Элдик Курултайга жооптуу болуш керек деген долбоорду сунуштап келебиз. Болбосо, Бакыт Төрөбаев сунуштаган демилгени колдоп, бирикчүлөр биригип, шайлоо таза өтүшү зарыл. 

Мавлян Аскарбеков, “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы:

– Төрөбаев мырзанын сунушу эң туура жана актуалдуу. Быйыл эң маанилүү деген президенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык, өткөзүүканчалык таза, акыйкат, мыйзамдуу болсо, ошончолук татыктуу, эл ишенимине арткан президент келишине шарт түзүлөт. Бишкек шаардын мэринин шайлоосу, жергиликтүү кеңештерге, шаардык кеңештерге шайлоолор, 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо канчалык ыплас, кир, сатып алуулар жана башка технологияларды колдонуу менен өткөнүн баарыбыз көрдүк. Ушунун баарына каршы туруу максатында БакытТөрөбаев мырзанын сунушун колдоп, уюм түзүп, катуу көзөмөлгө алсак деген ойдомун.

 Жарандык активист Динара Ошурахунова:

– Саясий партиялар шайлоолордогу ар кандай мыйзам бузуулар боюнча бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштеши керек. Президенттик шайлоодо ар бир участокто байкоочулар болушу керек. Бирок жарандык уюмдарда мындай потенциалы жана мүмкүнчүлүгү жок. Бул жетишсиздиктерди мындай бирикмеге чакырып жаткан саясий партиялар өздөрү кол кабыш кылып жойсо, жакшы болмок. Ошондо бул кызматташтык жакшы натыйжа берет деген ойдомун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: