Казакстанда оппозициялык деп эсептелген «Трибуна. Саяси калам» басылмасынын жаңы саны бүгүн жарыкка чыккан жок. Басылманын редактору Жанболат Мамай кабарлагандай, гезитке беш жылдан бери кызмат көрсөтүп келген Алматыдагы басмакана 1-февралдагы нускаларды басып чыгарган эмес.
– Кечээ биз ал жерде болуп, жетекчисине акчаны төлөгөнбүз. Эч кандай маселе болгон эмес. Кечинде гезитти басып чыгарууга жөнөткөнбүз. Бирок «Бизнес-Информ» басмаканасынын жумушчулары жетекчилик гезитти басууга тыюу салганын билдиришти. Биз муну саясий буюртма деп эсептейбиз. Жаңы санда Карим Масимов тууралуу көлөмдүү макала жарык көрмөк. Бул ага байланыштуу болушу мүмкүн,-деди Жанболат Мамай.
«Бизнес-Информ» басмаканасынын жетекчилиги болсо гезит редакциянын карыздарынан улам чыкпай калганын билдирүүдө.
“Адил сөз” укук коргоо уюму кырдаалдан кабардар. Редакторлор гезитти бүгүн чыгарууга аракет жасап жатышканы белгилүү болду.
«Трибуна. Саяси калам» гезити жумасына бир жолу 13 миң нуска менен жарык көрөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ