Menu

Акүй «грин-карта» ээлеринин АКШга кирүүсүнө уруксат берди

Бөлүшүү:

АКШ администрациясы өлкөдө мыйзамдуу түрдө туруктуу жашаган «грин-карта» ээлеринин Кошмо Штаттардын аймагына киришине уруксат берди. Reuters агенттиги маалымдагандай, тиешелүү тактоолор президент Дональд Трамптын миграцияны чектөө тууралуу жарлыгын аткаруу нускамаларына киргизилди.

Трамптын жарлыгы Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарынын АКШга кирүүсүнө 90 күнгө тыюу салат. Андан сырткары бозгундарды кабыл алууга 120 күндүк чектөө киргизип, сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө чейин токтотот. Жарлык аталган өлкөлөрдүн америкалык визасы жана «грин-картасы» бар жарандарына да тиешелүү болгон.

Шайлоо өнөктүгү маалында Трамп мусулмандарды “АКШ үчүн коркунуч» деп атап, алардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу чарасын сунуштаган. Анын мындай билдирүүсү ММКлар менен социалдык түйүндөрдө көптөгөн сын пикирлерди жараткан. Кийинчерээк Трамптын тарапташтары анда кеп мусулмандар жөнүндө эмес, АКШга кирүүгө аракет кылган радикал исламчылар жөнүндө болгонун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: