УКМК тарабынан 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте бир нече террордук акт уюштурууга аракеттенген топтун төрт өкүлү жок кылынып, жетөө кармалган. Төрт күндөн кийин ушул ишке катышы бар деп шектелип, “Манас” аэропортунан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов кармалып, камалган. Ал Курманбек Бакиевдин тушунда бийликчил “Ак Жол” партиясынын катарында парламентке депутат болгон. Учурдагы Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун тууганы болуп кетет.
Укук коргоо органдары Кунакуновду “Террорчулукка кол кабыш кылган, курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген жана карактоо” боюнча айыпташкан. Бул боюнча тергөө иштери дээрлик бир жарым жылга созулуп, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 27-январында гана Кунакуновду 10 жылга эркинен ажыратты. Бул боюнча сот отуруму жабык өттү. Прокуратура анын үй мүлкүн конфискациялап, 30 жылга чейин эркинен ажыратууну суранган болчу.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ